Ахматбек Келдибеков: Атамбаевдин чектен ашкан далилсиз каралоосу Раим Матраимов деген саясий фигураны жаратты

Мезгил

Коомдун бардык тармактары шайкеш өнүгүп жатпагандан кийин, эл күнөөлүүлөрдү издейт, сындайт. Сын саясатчыларды чыйралтат, түзөлтөт деп айтып келишет. Бирок коомчулукта акыркы кезде сын эмес  далилсиз айыптоолор, арбын деген көз караш пайда болду. Биз Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков менен саясий элитанын азыркы  абалы,  Атамбаевдин айыптоолорун, Райымбек Матраимов кайрылуусун анан  ортодон чыга калып «Матраимовдун Кыргызстанды бийлешине жол бербейбиз» деген Эдил Байсалов деп билдирүүсү  жөнүндө сөз учугун уладык.

-Райымбек Матраимовдун дагы Эдил Байсаловдун дагы кайрылуусун уктум. Бир караган адамга Атамбаев Райымбек Матраимовду эрмек кылып алды. Ал дагы сабырдуулук кылып Атамбаевге жалган жалаа имиш кептерине теңелбей көпкө чыдады. Бирок бул каралоо чектен чыгып кеткенде жооп бергенди туура көрдү окшойт.

Баарыбыз билебиз, оозго алгыс сөздөр менен далили жок имиштерди таркатуу жагынан Атамбаев уста. Ток этерин айтканда ал адеби жок киши. Теңелбейинчи деп тек жайына койсоң өзү басылып калбайт. Ал эми Райымбек Матраимовдун кайрылуусу боюнча  айта турган болсок ал дагы «жумшак» билдирүү жасады. Мисалы, «сиз», «токтотуңуз, мындай болбойт» деп. Мен же андан башка бирөө болгондо «Сен бүгүн мага баа бергендей кимсиң токтот!» деп эле айтмак.

Эдил Байсалов акылдуу жигит. Бирок, ал Атамбаевди кандай жек көрөөрүн баарыбыз билебиз. Анан калса Атамбаевдин ага кандай аттарды коюп, кандай имиштерди таркатып жүргөнү коомчулукка белгилүү. Бирок ошого карабастан бүгүн Эдил Байсалов Атамбаевдин тарабын талашып жатса демек ал Атамбаевдин өзүнө карата айтылган баардык сөздөрүн чындык деп кабыл алганы.

Ал эми Эдил Байсаловдун «Кара Суунун эли Москвага Путинге кайрылуу жазыптыр» деген сөзүнүн маанисин  мен эмес коомчулук деле түшүнбөй калгандай. Эмне алар «Райымбек Матраимов бизге жакшы жардам берип жатат. Биздин бала азамат» деп Путинге кайрылышыптырбы? Болбосо, Кара-Суу району азыркы бийликке каршы болуп, нараазычылык акцияларына чыкканын эч ким уга элек. Бул аймак өлкөбүздөгү жашоочуларынын саны эң көп район. Парламенттик шайлоодо  КСДПны, президенттик шайлоодо Сооронбай Шариповичти жакшы колдоп берген. Анан шайлоочулардын укугун тепсеп минтип элди айыптоо туура эмес деп ойлойм. Негизи элдин атынан отуруп алып далили жок опузалап сүйлөгөндү токтотуш керек. 

Мына Эдил Байсалов «Биз мындайга жол бербейбиз» деп айтты. Ал ким? Же өлкө башчысыбы же элдин ишенимине ээ болуп шайланып келген эл өкүлүбү? Минтип сүйлөгөнгө ким укук берди? Мен түшүнгөн жокмун. Менде болгону бир суроо пайда болду. Эдил Байсалов кайсы кызматты аркалайт, эмнеге жол бербейт?

Ал эми Атамбаев тууралуу айта турган болсок. Ал киши бир кездеги өлкө башчысы болгом деген эйфориядан чыгышы керек. Бүгүн учур башка. Ал дагы башкалардай эле болгону кыргызстандын жөнөкөй бир жараны.  Ошондуктан далилсиз бирөөнү каралоодо ар бир айткан сөзүнө жоопкер болуп  мыйзам алдында жооп бериши керек.

-Айтыңызчы анда Атамбаевдин айыпсыз каралоосу кыргыз саясый айдыңына Райымбек Матраимов деген саясий фигураны жаратты десек туура болобу?

– Акыркы учурда  бул эми саясат да деген шылтоону жакшы үйрөндүк. Ал эми саясаттын табияты такыр башка, ал күчтүү жана ачык аттандашууну сүйөт. Бирок азыр кыргыз саясый айдыңында адамды далилсиз ак жеринен каралап, четке сүрүп чыгарууга болгон далаалат акыркы жылдары күчөп чегинен ашып баратат. Райымбек Матраимовго карата болуп жаткан имиштер да мына ушул чектен ашкандыктын бир далили.

Бул нерсени токтотуш керек. Анткени кайсыл учур, кандай мезгил болбосун биз жигитчиликти жерге таштабашыбыз абзел. Туура  Атамбаевдин жана анын тегерегиндеги жазмакерлердин чектен ашкан далилсиз каралоосу кыргыз саясий айдыңында Райымбек Матраимов деген саясий фигураны жаратты. Бул чындык. Негизи душманды алыстан издебеш керек.

Акыркы убакта Матраимовдордун ар бир кадамы коомчулуктун көз алдында тургандай. Мисалы, жакында өткөрүшкөн иш чарасы депутаттардын актануусуна чейин жетти…

-Мен билгенден бул иш чара жети жылдан бери өтүп келе жатат. Бул иш чарага өлкө башчысы болуп турганда Атамбаев өзү баш болуп белек берип жүргөн. Жыйырма миңден ашуун адам катышты. Анан бул иш чарага Төрөга баш болуп депутаттардын келгенинен эмне үчүн кемчилик издеп жатабыз? Алар элдин өкүлдөрү да. Мисалы мен эл менен жолугуп баарлашканыма кубандым. Анткени алар бир кезде менин да шайлоочуларым болгон.  Мындан эмне үчүн жамандык издешибиз керек?

Ал эми айрым депутаттардын актануусун мен мыйыгымдан жылмаюу менен эле кабыл алдым. Анткени саясатчы болом деген адам эң биринчи туруктуулукту сакташы керек деп ойлойм.

-Коомчулукту деле ушул суроо кызыктырат болуш керек. Айрым саясатчылардын түн уйкусун бузган Райымбек Матраимов деген ким?

-Бул үй-бүлө менен илгертеден мамилем жакшы. Агасы менен көп жылдардан бери досмун. Ал эми Райымбек Матраимов өзү жөнөкөй, адамгерчиликтүү жигит. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасайт. Кербезденип бой көтөрүп, кимдир бирөөнү далили жок каралап жүргөнүн уга элекмин.

-Саясат таануу илимине таянсак, саясий чечимдерди кабыл алууга катышкандардын баары «саясий элитага» кирет экен. Кыргыз саясий элитасын мындан 20 жыл мурдагылар менен салыштырасызбы? Өзгөрүү, өсүү болсо эмне үчүн коомчулукта нааразычылыктар көп айтылып келет?

-Бул саясый айдыңга «жасалма» жол менен орусча айтканда «искусственный» келип калгандардын кесепети деп айтсак жаңылышпайбыз. Акыркы 7-8 жылдын ичинде «капыстан» келип калган «кадрлардын» негизинде саясый элита алсызданып, жүзүн жоготуп баратат. Өмүрүндө бир жолу министрлик түшүнө кирбеген адамдар министр болушту. Миң уктасада түшүндө депутаттык мандат ала албаган адамдар депутат болуп келишти. Кадр саясаты бузулду. Кесипкөйлүк, өз ишинин мыктылары бааланбай калды.

Негизи Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери чечилбеген маселелердин эң орчундуусу – соттордун өз алдынчалыкка жетише албагандыгы. Азыр деле ошондой абал уланып жатканы айтылууда. Маселенин өзөгү кайда? Канткенде кырдаал өзгөрүп, сот өз алдынча болот? Мына акыркы жылдары баарыбыз сот системасын сындап, сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүп келебиз?  Эмне үчүн? Негизги себептердин бири- Феруза Жамашовага окшогон кадрлардын сот тармагын бийлеп калгандыгы.

Мына прокурорлор көпчүлүк учурда туура эмес иш козгошууда деп чыркырап жүрөбүз. Эмне үчүн? Саляновага окшогон бул тармакта бир да күн иштебеген тажыйырбасыз адамдар бул тармактын тарпын чыгарып талкалашкандан мына ушундай көрүнүштөр болуп жатат.  Мына ошондуктан татыксыз адамдардын бийликке келишине бөгөт коюшубуз керек. Кесипкөй адистер гана мамлекетти өргө сүйрөй алат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *