Ахматбек Келдибеков: Бүгүн саясаттан да маанилүү бул калктын саламаттыгы

Мезгил

–Акматбек мырза, учурда элдин көбүн убайымга салып жаткан дарттан сиз оолак болдуңузбу? Дегеле сырттагы абал боюнча кандай ой айта аласыз?

-Кудайга шүгүр. Тапшырган анализдеримде ылаңдын белгилери жок болуп чыкканы менен, дене табым кѳтѳрүлүп, чыйрыгып, сѳѳктѳрүм, муундарым ооруп, бир апта бою күчтүү дары-дармектерди алып жатып бул дартты жеңдим окшойт. Бирок, баары бир ооруп айыккан соң деле организимде бир алсыздык болот экен. Чындыгында дүйнѳнү дүрбѳлѳңгѳ салып жаткан бул илдет аябай жаман ылаң экен. Ар ким ѳз саламаттыгын тобоокелге салбай ѳзүн сактаса, айланасындагы адамдардын да сактайт тура. Ошондуктан кандай болбосун ѳздүк гигиенаны сактап, бет кап тагынуу бул бүгүнкү күндүн талабы болуп турат.

Бүгүн өлкөдө миңдеген жарандарыбыз аты жаман ылаң менен алышып жатышат. Кудайым баарыбызды колдоп, мындай апааттан аман-эсен чыксак экен деп тилейм. Ошондой эле бул илдет менен ооруп жаткан жарандарыбыз тез арада сакайып кетсе экен деп тилек кылам. Көптөгөн мекендештерибиз бул дүйнѳ менен кош айтышты. Алардын жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөм! Ылайым мындан ары эч ким оорубасын!

Анан калса  бул илдет бир гана биздин ѳлкѳбүздѳ болуп жаткан жери жок. Бүткүл дүйнө жүзүндө азыр чоң эпидемия жүрүп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө да, өзгөчө Италия, Испания, Кытай, коңшу Россия, Казакстанда да бул илдет ѳтѳ тездик менен жайылып жатканына бүгүн ѳзүбүз күбѳбүз. Бирок,  биз азыр бул ооруну ѳлкѳбүздүн айылдарына, аймактарга жайылып кетпеши үчүн болгон аракеттерибизди жасашыбыз зарыл деп ойлойм.

Мен буга чейин ѳлкѳбүздѳ бул вирус жаңы жайылып жатканда КТР жана Саламаттыкты сактоо министрлигине сын пикиримди айтканмын. Анткени, КТР дүйнөдө болуп жаткан илдетти убагында элге түздөн-түз алып көрсөтүп, маалыматтык жактан элди камсыз кылганда элибиз муну эртерээк түшүнүшөт эле. Анан ѳз башына келгенче ѳзгѳдѳн сабак албаган кенебестик мүнѳзүбүздүн айынан бет кап тагынбай, кайдыгерликке алдырып, бири-бирибизди коргобой, кенебестикке салганыбыздын кесепетинен бүгүн эпидемия аябай катуу өкүм сүрүп жатат. Мен ойлойм, түгөнгөн сайын түтөгөн элибиз бул дартты да жеңет! Экинчиден, күн сайын күчөгөн илдетке карата катуу чаралар көрүлөт деп ойлойм.

Анан медициналык сактануучу кийим-кечелер боюнча ѳткѳн тендерге курулуш фирмалары катышып, кымбат утушуп, акча жасашканын маалымат каражаттарынан окуп, мен дагы таңгалып жатам. Бул учурда Каржы жана Саламаттыкты сактоо министрликтери кайда карап отурушту? Бул ишти кѳзѳмѳлдѳѳ алардын түздѳн-түз милдети эмес беле? Президент “адамдардын кыйналганынын негизинде акча тапкандарды аесуз жазалашыбыз керек” деп туура айтты. Бул жеткен нааданчылык!

Ошондой эле коомчулуктун ѳлкѳдѳгү бүгүнкү болуп жаткан хаоско Каржы министрлигин, Саламаттыкты сактоо министрлигин күнѳѳлѳп жатканына мен да кошулам. Ал эми Бишкек шаарындагы бүгүнкү абалга Бишкек шаарынын мэри түздѳн-түз күнѳѳлүү. Анткени, бул вирус жайылып жатканда эле Бишкек шаарынын мэри менен Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканалардын башчылыгына ѳз кишилерин алып келүү менен алектенбей ѳз ишинин чыныгы кесипкѳйлѳрүн тандап койгондо балким бүгүнкүдѳй абалга кептелмек эмеспиз. Экинчиден, Бишкек шаарынын мэриясы ѳз бюджети бар, ѳз алдынчалыкка ээ. Ошондой эле жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдары боюнча ѳз алдынча мыйзам иштейт. Борбор калаа башчысы ѳкмѳттүн оозун карап ѳз алдынча кошумча дарылана турган жайларды ачпай кимди же эмнени күтүп отурду? Ошондуктан Бишкек шаары бүгүн пандемиянын очогуна айланышына мэрдин түздѳн-түз күнѳѳсү бар!

Ал эми каржы министрлиги өлкөбүздүн каржы саясатын жүргүзгөндөн кийин ѳз программасын жазып, сунушун киргизип, жарандардан келип түшкөн акчанын баардыгын будамайлатып, элге күмѳн ойду туудурбай так-так кайда жумшалганын айтып отчетун бериши керек болчу. Жѳн эле отуруп алып, “акчаны аяк-биякка бөлүштүрүп салдым” деп күңкүлдѳгѳндѳн маселе чечилбейт! Ошондуктан азыркыдай шартта  Каржы министринин дагы жоопкерчилиги каралышы керек! Ошондой эле отуруп алып оозуна алы жетпей элге туура эмес маалымат таркатып жаткан жарандарга да оорудан жарнама, саясат жасагандарды токтоткула деп айтаар элем.

Азыркыдай оор шартта, эл кыйналып жакшы кабар күтүп жаткан маалда бир-бирибизди күнѳѳлѳп, ѳзү жасабай бирок, жасап жаткандарга акыл үйрөтүп, ушул оорудан да саясат жасап жаткандарды көрүп менде кандайдыр бир жийиркенүү пайда болду. Муктаждарга, элге кол сунгандын ордуна бузукулук кылып, тилине күчү жетпеген, соцсеттерде фейктер менен жалган маалыматтарды таркатып, ар кимге жалган жалаа жаап отурган адамдарды көрүп жатам. Мындай адамдар жийиркенүүнү жаратат экен.

Элдин ден-соолугу үчүн бүгүн бийлик дагы, элибиз дагы баардыгыбыз жапа тырмак кийлигишип, сырттагы ылаңды токтотконго бүт күч аракетибизди жумшашыбыз зарыл!

-Алдыдагы аламан жарыш болгон шайлоонун белгилениши жөнүндө көп сөздөр айтылууда. Сиз бул жагынан кандай ой айта аласыз?

–Коомчулукта бул боюнча ар түрдүү пикирлер айтылууда. Ал эми белгиленген шайлоо боюнча тиешелүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрмө бергендин ордуна оозуна талкан салып алгандай үн катпай отурушат. 4-июлда мыйзам менен Конституцияда каралгандай шайлоо жарыяланышы керек болчу. БШКнын чечими менен датасы бекитилди. Анан президенттин шайлоону жарыялабай койгонго мыйзамдык укугу барбы? Жок!

Ал эми абалга жараша 4-октябрда шайлоо болобу же жылып калабы, мунун баардыгы мыйзам түрүндѳ гана чечилиши абзел. Бул эми башка маселе. Президенттин жеке ыйгарым укугуна кирбейт. Мыйзамда ушундай каралган. Ал эми кайсыл учурда шайлоо жылышы мүмкүн? Ал ѳлкѳ боюнча Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаал кабыл алынып, киргизилген учурда гана өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, бүгүн саясаттан да маанилүү бул калктын саламаттыгы. Азыр элибиздин саламаттыгын сактоо башкы маселе. Бул илдет менен күрөшүү учурда, ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм.

-Соцтармактарда жубайыңыздын элге кѳмѳк кѳрсѳтүп, бейтаптарды дарылап жаткандыгы тууралуу бир катар маалыматтар чыкты.

– Чындыгында азыр оор түйшүктү ушул ѳмүр сакчылары кѳтѳрүп жатат. Жубайым ѳзү медицина илимдеринин доктору. Эл башына күн түшкѳндѳ, кантип карап турмак элем деп кичинекей клиникада күнүнѳ 200дѳй адамды кабыл алып элге ѳз жардамын берип жүрѳт. Дарыгерлердин ар бир мүнѳттү азыр коркунучта. Ошого карабастан элге жардам берип жаткан баардык ѳмүр сакчыларын мен бүгүнкү күндүн баатырлары деп эсептейм. Ак халатчан дарыгерлерибизге Кудай күч-кубат берсин деп тилейм. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *