Ахматбек Келдибеков: Бир жетекчинин шалаакылыгынын айынан бүтүндѳй мамлекет жапа чекпеши керек!

Мезгил

Дүйнѳнү дүрбѳлѳңгѳ салган илдет Кыргызстанга да келип жетти. Тактап айтканда 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жугузуп алган 3 жаран аныкталганын билдирди. Коомчулукта бул Ѳкмѳттүн күнѳѳсү десе айрымдар Саламаттыкты сактоо министрлигинин шалаакылыгынын айынан ѳлкѳдѳ кооптуу жагдай жаралганын айтышууда. Биз бул боюнча  Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын тѳрагасы Ахматбек Келдибековго бир катар суроолорду узаттык.

-Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус Кыргызстанда да катталды. Коомчулукта айрым жетекчилердин шалаакылыгы аталган илдеттин өлкөнү “аралап жүргөнүнө” жол берди деген кептер арбын. Айтыңызчы, өлкө аймагына өткөрүп жибергени үчүн Саламаттыкты сактоо министри кандай жоопкерчиликке тартылышы керек?

Элибиздин саламаттыгы  – улуттук мүдөөлөрдүн башкы маселелеринин бири. Буга чейин президент, ѳкмѳт бул системаны түп-тамырынан бери өзгөртүүгө далаалат жасап келди. Бирок, тилекке кашы Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейинки жасалган жана жасалып жаткан иштердин баарын тѳгүндѳп, жокко чыгырды. Мына ошондуктан элибиздин саламаттыгына жоопкерчиликсиз мамиле жасап, ѳз ишин шалаакылык менен аткарган министр Космос Чолпонбаев отставкага кетиши керек.

Анткени, Чолпонбаев саламаттык – бул жалаң эле дарылануу эмес, бул – ооруу-сыркоону алдын алуу экендигин унутта калтыргандай. Дүйнѳ бул маселе боюнча алдын ала даярдануу иштерин кылдаттык менен жүргүзүп жаткан убакта, аталган министрлик башка ѳлкѳлѳрдѳн келген жарандарыбызды жеткиликтүү деңгээлде текшерүүдѳн ѳткѳзүп, карантинге алган эмес. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министринин жоопкерчилиги каралышы зарыл.

Анткени бир жетекчинин ишти жѳндѳп алып бара албаган шалаакылыгынын айынан, бүтүндѳй мамлекет жапа чекпеши кажет! Бир жетекчинин жоопкерчиликсиз мамилесинен бүтүндѳй эл кыйналбашы керек! Ошондуктан мен саламаттыкты сактоо министри жѳн гана кызматтан четтетилбестен ага карата мыйзам чегинде чара кѳрүлүшү абзел деп ойлойм.

Манас аба майданында аталган министрлик тарабынан жеткиликтүү деңгээлде иш жүргүзүлбѳгүнүнѳ мен ѳзүм да күбѳ болдум. Башка ѳлкѳдѳн учуп келген жарандарыбыз тийешелүү деңгээлде текшерүүгѳ алынбаганынын кесепетинен бүгүн Сузакта кооптуу жагдай пайда болду. Элдин саламаттыгы кѳңүл кош мамилеге татыктуу эмес болчу.  Ал эми бүгүн министр Космос Чолпонбаевдин байма –бай маалымат берген кайрылуулары бул – жоо кеткен соң кылычыңды ташка чаап дегендей эле маселе. Бул дарт чагылгандай тездик менен тарап жаткан мезгилде Чолпонбаев мына ушундай кайрылууларын күн сайын эмес, саат сайын жасап, элге жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу. Ал эң алгач бул маселени алдын алууга аракет жасашы кажет эле!

Чолпонбаев бүтүндѳй калктын саламаттыгы жүктѳлгѳн жоопкерчиликти сезе алган жок.  Мына ошондуктан ал ушундай шалаакылыкка жол берди. Ѳкмѳт бул нерседен да бир тыянак чыгарышы абзел. Анткени, бѳдѳнѳнү сойсо да касапчы сойсун дегендей, бул тармакты ѳз ишин мыкты билген адис жетектеши керек болчу.

-Мындай эл дүрбѳлѳңгѳ түшүп турган кырдаалда коомчулукка эмне деп кайрылат элеңиз?

-Мамлекет менен коомчулуктун, мамлекет менен этникалык же диний жамааттардын таламдары, заманга жана келечекке көз караштары дайыма эле бир жерден чыга бербейт. Бирок, кандай жагдай жаралбасын ынтымак-ырашкердик болмоюн биз эч качан алга жыла албайбыз. Биз бүгүн бул нерсени эстен чыгарбоого милдеттүүбүз.

Ал эми элибизге жараткандын кѳзү түз болсун деп тилейли. Биз түпкүлүгү түптүү, байыркы элбиз. Тарых барактарына үңүлсѳк да кыргыз эли канча кыйын кезеңдерде бир муштумдай түйүлүп, ынтымак менен далай жеңиштерди багындырып келген.

Ѳзүм деген ѳзүмчүлдүктѳн алыс болуп коңшу ѳлкѳлѳргѳ да колун сунуп ачарчылыкта бир нанын тең экиге бѳлүп берген.  Бул – тарыхый чындык. Ошондуктан биз кандай оор кырдаал болбосун биргеликте жеңип чыгабыз деп ишенем. Элибиздин саламаттыгы бүгүн ар бирибиздин колубузда экенин унутпайлы!

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *