Ахматбек Келдибеков: Бул жеңиш – нечендеген көз жаштарга жуулуп, миңдеген мекендештерибиздин каны менен келген Улуу Жеңиш!

Мезгил

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы, “Ата-Журт” партиясынын тең төрагасы  Ахматбек Келдибеков Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин жана жалпы кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.  Анда согуштун тозогун кечип келген аталарыбыздын катары күн сайын арабыздан кемип бараткандыктан, биз ар дайым ардагерлерибиздин татыктуу өмүр сүрүүсүнө бардык күч-аракетибизди жумшоого, өсүп келе жаткан муунга Улуу Жеңиштин маани-маңызын жеткирүүгө милдеттүү экенибиз айтылат.  Анткени, согуш учурунда ардагерлерибиздин көрсөткөн эрдиги Ата-Мекенге болгон берилүүнүн, патриоттуулуктун жаркын үлгүсү болуп калууга тийиш дейт Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы.

Кадырлуу кыргыз элим!
Урматтуу ардагерлер!

Бүгүн бул апаттын бүткөнүнө 75 жылдын жүзү болсо дагы, кан майдандын ар бир көз ирмеми тарых барактарына айланып, ар бирибиздин жүрөгүбүздө.
Экинчи дүйнөлүк согуш тарыхтагы эң кандуу, ошону менен катар адамзатка улуу сабактарды калтырган окуя болду. 

Биз сиздердин келечек муун үчүн жасаган кайталангыс кайратман эмгегиңиздерге, бейпил турмушта, эгемен өлкөдө жашап жатканыбызга түбөлүк карыздарбыз. Эрдигиңиздер эчендеген урпактардын учу узун уламышына айланып, Мекенди жан-дили менен сүйүүнүн өчпөс мисалы, баатырлыктын чыныгы үлгүсү болуп калат. 

Бирок, мезгил өтүп, убакыт улам жыл карытып, согуштун тозогун кечип келген аталарыбыздын катары күн сайын арабыздан кемип барат. Ошондуктан, биз ар дайым ардагерлерибиздин татыктуу өмүр сүрүүсүнө бардык күч-аракетибизди жумшоого, өсүп келе жаткан муунга Улуу Жеңиштин маани-маңызын жеткирүүгө милдеттүүбүз. Анткени, согуш учурунда ардагерлерибиздин көрсөткөн эрдиги Ата-Мекенге болгон берилүүнүн, патриоттуулуктун жаркын үлгүсү болуп калууга тийиш.

Ардактуу ардагерлер!
Кадырман карылар!

Сиздерди, 9-май көөнөрбөс Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайм. Анткени ЖЕӉИШ көөнөрбөйт. Бул майрам -сиздердин маңдай териңиздердин, эл-жер, келечек үчүн жан үрөгөн аракетиңиздердин акыбети. Бул ЖЕӉИШ – сиздердин кажыбас кайратыңыздардын, талыкбаган мээнетиңиздердин жыйынтыгы. Бул жеңиш – акыйкаттыктын, карасанатайлык менен зомбулукка каршы турган улуу күрөштүн жемиши.

Бул жеңиш – канчалаган адамдардын өмүрүн алып, нечендеген көз жаштарга жуулуп, миңдеген мекендештерибиздин каны менен келген Улуу Жеңиш! Бүгүн ал -баарыбыздын жеңишибиз.

Биз сиздерге каардуу жылдары кан майданда көрсөткөн эрдигиңиздерге таазим кылуу менен, терең ыраазычылык билдирем! Бар болуңуздар, аман болуңуздар, кадырман карылар, ардактуу ардагерлер. Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!

Терең урматтоо менен,

уулуңуздар Ахматбек Келдибеков

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *