Ахматбек Келдибеков: Эч бир өлкө же эл аралык уюм Кыргызстан өнүп-өсүп кетсин деп кредит бербейт

  Мезгил

-Ахматбек Келдибекович, сырттан алынган насыялардын 44 пайыздан ашууну суверендүүлүк кепилдиги менен алынган Кытайдын Эксимбанкына туура келери, бул улуттук коопсуздук үчүн коркунуч жарата турганы тууралуу сөздөр айтылып келет? Сиздин көз карашыңыз.

-Тышкы карызды алып жатканда “аны эмнеге алып жатабыз, эмнеге жумшайбыз, кайра кантип кайрып беребиз” деп ойлонуу абзел. Насыя берип жаткан өлкө же эл аралык уюм Кыргызстанды жакын санап, өнүгүп-өсүп кетсин деген жакшы ниет менен бербейт. Алардын да өз кызыкчылыктары бар. Анан калса биз алган насыялардын көпчүлүгү саясий мааниге ээ.

Ал эми Кытай барган сайын жалпы чөлкөмдө, анын ичинде Кыргызстанда активдүү роль ойноп жатканы талашсыз. Кыргызстандын тышкы карызынын 40 пайыздан ашыгы Кытайдын «Эксимбанкына» туура келет.

Жакында “Беларусь” телеканалынан Лукашенконун кытайдан алынган насыялар тууралуу айткан сөзүн уктум. Бизде жол салган кытайлык  «Чайна Роуд» компаниясы менен кредит берген Кытайдын «Эксимбанкы» Белоруссияда да өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт экен.  Өлкөсүнүн эртеңин ойлогон башчы катары Лукашенко аларга  “Бизге насыя бергениңер үчүн ыраазыбыз. Бирок, кредит алгандан кийин биз башканын эмес, өзүбүздүн экономикабызды өстүрүшүбүз керек.  Насыя берип, анын артынан бизге өз продукцияңарды, компанияңарды алып келүүнүн кереги жок. Мындай жол менен, берген акчаңарды өзүңөр кайра алып үстүнө 2 пайыз үстөк кошуп бизди карыз кылганыңар өтпөйт. Элди келесоо деп ойлобогула. Бул насыяга өзүбүздүн жол сала турган ишканабыз, зым чыгара турган заводубуз курулушу керек. Биз үчүн ушул нерсе пайдалуу болот” деп айтты.

Мына мамлекетти ойлогон, элди ойлогон журт башчынын сөзү. А бизде эмне болду? Кытайдын мыйзамынын негизинде плансыз насыялар алынды. Бирок, бийлик башындагылар мына ушул алынган кредиттер менен казынаны толтуруп, элдин пайдасына иш алып барыштыбы? Жок?! Өз кызыкчылыктарынын негизинде жеке капчыктарын гана кампайтышты. Буга бир мисал катары Бишкек ТЭЦти модернизациялоодо ойго, түшкө кирбеген суммалардын сапырылып кеткенин айтсак болот. Тактап айтканда, 100 миллион долларга чукул каражат жок болуп кеткен. Убагында мына ушундай калпыстыкка жол бербейли. Эскини жамаганча, жаңы салалы деп, ТЭЦти модернизациялоого каршы чыккам. Себеби ТЭЦти жаңыладык деген каражатка Бишкектин төрт жерине 4 кичинекей жакшы ТЭЦ куруп койсок деле болмок. Бирок, мындан көп узабай эле мен жалган жалаа менен камакка алындым.

Ал эми Атамбаевдин бийлиги жол берген мындай чулгандуу окуялар ондоп саналат. Ошондо мамлекетке чыккынчы, эл душманы деп кимди айтсак болот? Ал эми куну кымбат болуп кумга сиңген суудай жоголгон насыяларды кемиген бюджет, кертилген “токочтор” деп атасак туура болчудай.

-Айтсаңыз, Алмазбек Атамбаев президент болгондо тышкы карыздын суммасы канча эле, ал өлкө башчылыгынан кетип жатканда  канча  болду? Убагында туура эмес пайдаланылып, жеке кызыкчылыктар үчүн жумшалып кеткен насыяларды эртең ким төлөйт деген ой жаралат.

-Мен билгенден Атамбаев президент болуп келгенде тышкы карыздын суммасы 2,8 миллиард доллар болчу. Ал эми 2017-жылы Атамбаев бийликтен кетип жатканда Кыргызстанга «мурас» катары  4, 5 млрд. доллар карыз калтырды. Тактап айтканда  мамлекеттин сырты карызы 4 млрд 80.58 млн долларды түзсө, өлкөнүн ички карызы – 449.47 млн доллар болду.

Ал эми бизге келген насыяларды эки түргө бөлсөк болот. Биринчиси – бюджеттин таңсыктыгын жабуу, төлөө балансынын таңсыктыгын жабуу жана сомдун курсун кармоого кетет. Бул экономикасы начар өлкөнүн көрсөткүчү, буга кредит кетпеш керек болчу. Тилекке каршы, биз ушундай багытка да насыя алдык.

Экинчиси – өнүгүүгө инвестиция катары жумшалган насыялар. Бирок, баардык нерсенин чеги бар дегендей эле ар бир насыянын кайтаруу мөөнөтү болот. Биз эң көп кредит алган Кытайдан насыя албаган мамлекет жок болсо керек. Бирок, алар да ар кандай шарты менен берет. Кеп мына ушунда.  Ал эми расмий келишимде кредитти кайтаруу убактысы так жазылат. Төлөм кечиктирилсе, алар расмий түрдө президентке, өкмөткө кайрылып, маселе чечилет. Кытайдан Атамбаевдин тушунда эң көп насыя алынганы бул- чындык. А бирок, аны кайтаруу мамлекет аралык келишим аркылуу жөнгө салынат. Анткени, Атамбаев бүгүн эч ким эмес.

Ал эми алынган насыялар канчалык деңгээлде эффективдүү жумшалды, канчасын сугалак жетекчилер жеп кетти – бул нерсени териштирүүү мамлекеттин ички саясаты. Бирок Атамбаев кечээ Кытайдан ойлонбой алган карыз үчүн бүгүн Кытайга жооп бербегени менен мамлекет алган карызды жон териси, маңдай тери менен төлөп жаткан элге, карапайым калкка жооп берүүгө милдеттүү.  Эл бүгүн анын учурунда алынган насыялар кайда, кимдин капчыгын кампайтып жатканы тууралуу Атамбаевден сурай да, доолай да алат. Ток этерин айтканда Атамбаев бүгүн-элдин сурагына даярданышы керек!

Маектешкен Гүлира Токтосунова

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *