Ахматбек Келдибеков Кытайда өтүп жаткан “ЭКСПО‑2019” эл аралык иш чарасына катышууда

Мезгил

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын тѳрагасы Ахматбек Келдибеков Кытайдын Шанхай шаарында ѳтүп жаткан “Экспо-2019” экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүн катышууда. Бул тууралуу “Ата Журт” партиясынан билдиришти.

Ахматбек Келдибековго “Экспо-2019” көргөзмөсүнө катышуу сунушу менен чакыруу  Кытай Өкмөтү тарабынан болгон. Бул иш чара Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата ѳлкѳ башчысы Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган.

 Чет элдик басылмалардын маалыматына таянсак “ЭКСПО‑2019” Кытайдын тарыхындагы болуп көрбөгөндөй эң масштабдуу окуя.  5-ноябрдан баштап 10-ноябрга чейин созулган бул иш чарага 170ден ашуун  ѳлкѳдѳн 3800 ашуун ири компаниялар катышып, кѳргѳзмѳгѳ бир күндѳ 400 000ден ашуун адам келип, бул күндѳрү жалпы Кытайдын экспорту  58 млрд доллардан ашкан.

Кытайдын экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүн уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары Рен Хоңбиндин айтымында  Кытай алдыдагы 15 жылда чет өлкөлөрдөн жалпы баасы 30 триллион юандык (4,3 триллион доллар) товар сатып алууну максат кылат.

– Кытайдын 1,4 миллиард элинин 400 миллиондон ашууну – орто кирешелүү катмар. Алардын жашоосунун жакшырышы менен катар керектөөсү да өсүп жатат, – деди Рен.

«Бир алкак, бир жол» долбоорунун алкагында ѳтүп жаткан бул кѳргѳзмѳнүн ачылышында сѳз сүйлѳгѳн Кытай Эл Республикасынын ѳлкѳ башчысы Си Цзиньпин бул иш чараны  “Ачыктык, кызматташтык жана тагдыр” деп баса белгиледи.

Экспо-2019” экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүнѳ 64 ѳлкѳ улуттук павильондору менен катышса,  Россия, Камбоджа, Чехия, Франция, Греция, Индия, Италия, Ямайка, Иордания, Казахстан, Малайзия, Перу, Таиланд, Ѳзбекстан жана Замбия ѳңдүү 15 мамлекет бул иш чаранын ардактуу коногу катары катышууда. Эске салсак, 2018-жылы кѳргѳзмѳнүн ардактуу коногу болуп Дмитрий Медведев катышкан.

Аталган иш чара ѳтүп жаткан жердин аянты 360 миң чарчы метр же 68 футбол талаасын бириктиргенге барабар. Аянттын негизги бөлүгүн АКШ, Жапония, Германия жана Гонконг ээлеген.

Эске салсак, ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарында  «Бир алкак, бир жол» долбоорунун алкагындагы «Экспо-2019» биринчи эл аралык көргөзмөсүнө катышкан. Бул иш сапар Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын чакыруусу менен уюштурулган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *