Аида Исмаилова: “Шайлоодо добушун саткандарга 30 миң сом айып пул салынат”

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова 30-июлда www.kenesh.kg сайтына добуш берүүдө эреже бузуулар үчүн жазаларды күчөтүү боюнча кошумча долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Мында шайлоодо добуш сатуу үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейинки айып пулду киргизүүнү сунуштаган. Добуш сатуу боюнча маалыматты алдынала билдирген жаран жоопкерчиликтен бошотулат.

Ал эми учурда иштеп жаткан мыйзамдар боюнча добуш сатып алуучуга 180 миңден 260 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн же 2,5 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бул мыйзам долбоорду 30-июлда Жогорку Кеңештин сайтына чыгардым. Коомчулук ошол жерден окушат, ал эми көпчүлүгү facebook социалдык тармагынан окуп, талкууга алышаарын билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова.

– Шайлоодо эреже бузуулар боюнча жазаларды күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койдум. Албетте мында facebook колдонуучуларынын сын-пикири да эске алынат. Ал эми августтун аягында тегерек стол уюштуруп, жалпы долбоор туурасында талкуу жүрөт. Тегерек столду өзүм уюштурам, буга жалпы кызыккан адамдар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышат. Суроолорго жооп беребиз. Элдин пикирин эске алуу менен долбоор бышып жетилгенде гана, сентябрда парламенттин талкуусуна коёбуз. Ал жерден депутаттар да кошумча-алымчаларын киргизет – деди Исмаилова.

“Чындыгында мындай мыйзам долбоорлордун канчалык зарылдыгы бар?” деген сурообузга, “Бул мыйзамдын кереги бар, анткени депутаттарды эл өзү шайлап, депутаттарга болгон ишеними жогору болуу керек” – деп билдирген депутат айым буларды кошумчалады.

– Ошол иштебеген мыйзамдарды иштетиш керек. Мыйзамдуулук менен элде таза шайлоо болсо депутатка эл ишеним артат. Бизде депутаттарга сын-пикирлер көп айтылып, жамандай беришет. Ошондой депутаттарды каралоону токтотуу үчүн таза шайлоо өткөрүп, добуштарды сатпашыбыз зарыл. Жогорудагы мыйзам долбоорун ошол көрүнүштөрдү жөнгө салуунун негизинде алып чыгып жатабыз – дейт Аида Исмаилова.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *