Аида Касымалиева жаңы конуштардын көйгөйүн көтөрдү (видео)

     Мезгил

Аида Касымалиева борбордун тегерегиндеги конуштардын көйгөйүн көтөрүп чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында Шаардын тегерегинде 50дөн ашуун жаңы конуштардын жашоочуларынын үй документтери жок. Ал жерде 300 миңден ашуун жаран жашап жатат. Былтыр парламент тарабынан кабыл алынган легалдаштыруу мыйзамын трасформация менен алмаштырып алгандар бар экендигин белгилеп кетти.

“Мага жаңы конуштардын жашоочуларынан кайрылуу келип түштү. Бизде мыйзам долбоору 1-окудан өткөн. Мериянын 2014-жылы жүргүзгөн комиссиясынын маалыматында 6 382 үй мыйзамсыз курулган. Легализация менен трансформация мыйзамын алмаштырып алышат. Биз былтыр кароосуз калган айыл чарба багытындагы жерлерге курулган үйлөрдүн жер тилкелеринин багытын өзгөртүп, трансформациялап бергенбиз.

Бизге кайрылгандардын жерлери мэрияга карап, мурда таштанды басып жаткан жерлер экен. Бул боюнча 3 сунуш бар:

1) Мериянын денгээлинде комиссия түзүлүп, ар бир жашоочу менен иш алып барып, жер тилкелерине токтом чыгарп, маселени чечип берсе.

2) Маселе шаар кеңештин деңгээлинде чечилсе. 2007-жылдын 9-июлунда кабыл алынган “Бишкек шаарындагы жер тилкелерин берүү тартибин жөнүндөгү” №339 токтодун Жобосунун 4.4. пунктунда мөөнөт 1994-жылга чейин деп жазылып калган. Буга 2012-жылдын 3-августуна чейин деп өзгөртүү киргизүү керек.

3) Кыргыз Өкмөтү да тиешелүү документтерге өзгөртүү киргизип, ЖКга тез алып келиши керек.

Алмаз Ахунжанович бул тууралуу мен сизге протоколдук да тапшырма берем. Муну тез иштеп, акырына чыгып коюшубуз керек” – деди эл өкүлү.

Аида Касымалиева тиешелүү документтери жок үйлөрдө жашап жаткан жарандар жөлөк пул, паспорт, балдарына күбөлүк ала албай жаткандыгын айтып, бул тууралуу парламенттин тиешелүү комитеттери да иш алып барышы керектигин баса белигиледи.

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *