Айбек АЛЫМЖАНОВ: “Өкмөт тез арада жугуштуу оорулар үчүн оорукана курбаса болбой калды”

Мезгил

–Айбек мырза, бүгүнкүдөй апаат кырдаалда парламенттик шайлоону указ чыккан өз мөөнөтүндө эмес, жылдыруу боюнча сунуштар коомдук пикирде таалуу маселеге айланууда. Шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керекпи? Бул чоң талкууга жем таштаган маселеге кандай үн кошоор элеңиз?

–Эгерде, бул маселе менин жеке колумда, менин каалоомдогу иш болгондо парламенттик шайлоону 4-октябрга белгиленген күнүндө эмес, эртең өткөрмөкмүн. Чын айтам! Азыр элибиз чоң өзгөрүүлөргө муктаж болуп, жөн эле суусап турат десек да жарашат. Ооба, коомдук пикирде шайлоону жылдыруу боюнча сунуштар байма-бай көтөрүлүп жатат. Бирок, аламан жарыш мерчемделген өз убактысында эле өткөнү туура. Себеби, мыйзамдуу алкакта жашап жаткандан кийин өзгөрүүлөрдү дагы мыйзамдын жолунда кылышыбыз зарыл. Азыр эл мурда-кийин булганбаган жаңы жүздөргө суусап турган учурунда шайлоону өз мөөнөтүндө эле өткөрүп алышыбыз керек. Ошондо элибиз күткөн жаңы жүздөрдүн парламенттке келишине жол ачылмак.

–Өлкө оор кырдаалды башынан кечирүүдө. Мындай шартта не кылыш керек? Төбөлдөргө сунуш барбы?

–Албетте, сындоо эмес, сунуштарыбыз бар. Азыр карагылачы, коңшу казак туугандарыбыз баш болуп биздин элдин дал ушундай оор кырдаалдарда бири-бирин колдогон, башына иш түшкөнүн колдон-буттан алып кеткен кайрымдуулук баалуулуктарыбызга суктанып жатышат. Өзгөчө өкмөтүбүз азыркыдай оор шартта белди бекем бууп, күндүр-түндүр эл кызматында болушу зарыл. Мурункудай бюрократиянын кереги жок азыр. Эртең эле кыш келет. Пандемия ушул темп менен улана берсе эртең кантебиз? Сунуш демекчи, өкмөт бүгүн, азыркы мүнөттөрдөн баштап баш калаабызга жугуштуу оорулар үчүн чоң оорукана салып башташы зарыл. Ооруканаларыбыздын тартыштыгын көрдүк да.

Азыркы ооруканаларыбыздын аймагында эскилиги жеткен, керектен чыккан имараттар бар. Ошол имараттардын ордуна тез арада мен сунуштаган оорукананы куруп башташыбыз керек. Эртең кеч болуп калат. Азыр баштоо зарыл! Кудайым буюрса бул илдет да бүтөт. Эртең оорукана курулуп калса элибиздин саламаттыгы үчүн кызмат кыла бермек. Бизде азыркы учурда жаңы салынган ооруканалар дээрлик жокко эсе болуп жатпайбы. Эми муну кылыш үчүн өкмөт тез чечим кабыл алыш керек. Алдыда кыш келе жатат. Эртең кечигип калбайлы.    

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *