Айбек Алымжанов “Кыргызстан” партиясынын Кочкордогу байрагын алгалатууда

    Мезгил

     2010-жылдагы парламенттик жарышта “Акыйкат” партиясы үчүн опол тоодой күч берген Айбек Алымжанов кайрадан мандат бактысы үчүн күрөштү баштады. Бул сапар “Кыргызстан” партиясынын катары менен аттанып, аламанда кичи мекени Кочкор району боюнча жоопкерчиликти моюнга алаарынан кабардар болдук. Билими, иш тажрыйбасы, ишкерчиликтеги ири ийгиликтери, а эң башкысы эл ичиндеги кадыр-баркын эске алганда биздин каарман депутаттык деңгээлге бышып-жетилгенин адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек.

Кочкордогу тууганына кадыры жок жыдыган саясатчыларга караганда карапайым элге кол сунган, көпчүлүктүн ажатын ача билген Айбек Алымжановду жердештери төбөсүнө көтөрүп кетишээрин бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Азыр элге кооз сүйлөгөн мурда-кийинки чиновниктер эмес, кыйчалыш кыйын кезеңде калкына жардам колун сунган Алымжанов сыяктуу алабарман инсандар аба менен суудай зарыл. Кадимки залкар Калыгул олуя, Үчүкө, Түлкү баатырлардын тикелей түз урпагы да ошентип мандат бактысы үчүн аттанып чыкты. Ийгилик каалайбыз! Ата-бабаларынын рухтары үчүн жасаган эмгектери каарманыбызды ара-жолдо калтырбаса керек.   

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *