Айбек Калиев 10 000 долларга алган унааны 23 800 долларга сатканбы?

Мезгил

Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш ишин Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылды.

Ошондой эле күбөлөрдүн сурак берүүсү уланууда. Суракка автоунааларды алып-саткан жеке ишкер Чыңгыз Чулуев чакырылып, ал Айбек Калиев унаасын каттап берүүнү суранганын айтты. 

– Ал унааны арзан сатып алыптыр. Абалы анча эмес болчу. Кийин биз аны 23800 долларга саттык. Мен аны сатканга даярдап, химиялык тазалоосуна жана полировкасына 100 доллар коротком. Ал унаа 10 миң долларга сатып алынды дегенин билбейм. Болгону арзаныраак деп уккам. Сатыктан келип түшкөн акчаны Айбек Калиевге бергем – деди Чыңгыз Чулуев.

Айбек Калиев өз кезегинде Чыңгыз Чулуевге унааны даярдоо үчүн 2 миң доллар бергенин айтты.

Эске салсак, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *