Айбек Калиев үйүнүн дарегин сураса, УКМКны айтып…

Мезгил

Кечээ 20-августта, Бишкек шаардык сотунда ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган аткаминерлердин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча жараян болду. 

Соттун жүрүшүндө камактагы  мурдагы Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев жашаган үйүнүн дарегин сураса, УКМКнын дарегин айтып сот залындагыларды күлкүгө салды.

Буга түшүнбөй калган сот, делодо башка дарек жазылып турганын айткан. Буга жооп катары Калиев азыр УКМКнын СИЗОсунда жашап жатканын айтып тамашалаган.

    Белгилей кетсек, Калиев  Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.ТЭЦтин айланасындагы чыр боюнча жалпысынан 10дон ашык киши камакка алынган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *