Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат, же декларация толтурганды билбеген 5 депутат

  Мезгил

      Мыйзамдын көч башында олтурушуп, мыйзамды музоочо челип, тоотпогон депутаттарбыз четтен чыгат. Башкасын айтпаганда да жыл сайын толтуруп, тиешелүү органдарга тапшырып койчу декларациясын такыр тапшырбаган депутаттар да бар экен. Алар буга чейин тапкан мүлкүнүн эсебин ала албай жатышабы, же декларация толтурууда мүлкүн кантип жашырып коюунун амалын билбей жатышабы?  Деги эле декларация дегенди жыл сайын 1-апрелге чейин тапшырып бүтүү керек эле. Иши кылса парламенттеги 5 ышкоо депутат декларацияны 31-декабрь күнү тапшырганы калышты окшойт. Алар:

1) Алытнбек Жунус уулу, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан;

2) Аида Исмаилова, “Республика – Ата Журт” фракциясынан;

3) Жыргалбек Турскулов, “Республика – Ата Журт” фракциясынан;

4) Зарылбек Рысалиев, “Республика – Ата Журт” фракциясынан;

5) Жылдыз Мусабекова, КСДП фракциясынан.

 Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *