Айдоочулар жол кире акысын 20 сомго көтөрүүнү суранышууда

   Мезгил

Бишкек шаарындагы  коомдук маршуртканын   айдоочулары өлкөдөгү пандемияга байланыштуу жол кирени убактылу 20 сомго көтөрүүнү суранышууда. Бул тууралуу «Автобус Альянс» Ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.

-Айдоочулар учурдагы жол киренин 10 сом акысы чыгымдарды актабай жатканын айтышууда. Учурдагы алгоритмге  ылайык, салондогу кишилердин саны 70-80 пайыздан ашпашы керек. Эгер жол кире көтөрүлсө айдоочулар орундуктун санынан ашык киши салышпайт. Салондогу кишилер түшсө гана башка жүргүнчүлөр алынат. Бул байланыштарды минималдаштырат – деди ал.

Муну менен катар эле Григорий Николаиди бул сунуш эпидемиологиялык комиссияда, республикалык штабда, Транспорт министрлигинде өткөн жыйындарда айтылганын кошумчалады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *