Айдоочулук күбөлүктүн багы качан ачылат?

    Мезгил

   Өткөн айда, 8-августта айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча тендер өткөрүлгөн. Анда Казакстандын Улуттук банкына караштуу Банкнот фабрикасынын “Гознак” ЖЧКсы жеңүүчү болуп табылган. Бирок андан бери 1 айдан ашуун убакыт өтсө да жеңүүчү менен келишим түзүлө элек. Анткени ушул тендерге катышкан германиялык “Mühlbauer ID Services GmbH” компаниясы конкурс мыйзам бузуулар менен өткөн деген билдирүү тараткан. Ал арызын Финминдин алдындагы ведомстволор аралык көз карандысыз комиссияга жолдогон. Комиссия германиялык компаниянын арызын негизсиз деп тапкан. Эгерде бул компания сотко кайрыла турган болсо иш дагы созулганы турат. Анын айынан айдоочулук күбөлүктөр чыкпай, сурагандарга убактылуу күбөлүктөр берилип, эл убара жана чыгым тартат. Убактылуу айдоочулук күбөлүктөр 1-октябрга чейин берилип, андан соң жаңы басылган айдоочулук күбөлүктөр бериле баштамак.

Өкмөттүн иши бул жерде да туңгуюкка такалып олтурат. А балким бир гана өкмөттү эле күнөөлүү дегендин өзү да туура эместир. Бир сөз менен айткандан мыйзамдагы чийкиликтер кедергисин тийгизип олтурат. Алдыда эмнелер болушу мүмкүн?

1) Эгерде германиялык компания сотко кайрыла турган болсо иш үзгүлтүккө учурайт.

2) Тендер конкурсуна катышып жеңилип калган компания жеңген компанияны каралоо максатында бул иштерди уюштуруп, конкурста мыйзам бузуулар болду деши ыктымал.

3) Ошол эле жеңилген компаниянын артында жогор жакта иштеген чоңдордун, депутаттардын жеке чөнтөк кызыкчылыктарынан улам ушул иштер жасалып жатышы ыктымал.

4) Депутаттар тендер конкурстары тууралуу мыйзамды иштеп чыккан учурда жеке кызыкчылыктарды эске алышкан, б.а. жеке кызыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн ыңгайлаштырып жазышкан. Иш жүзөсүнө келгенде тендер оюнун каалагандай, марионетка катары башкарууга жылчык калтышыкан.

5) “Mühlbauer ID Services GmbH” германиялык компаниясы буга чейин жалпы жарандык паспорттордун бланкаларын даярдоо боюнча конкурска катышып, жеңилип калган соң сотко кайрылган. Анда жеңүүчү болгон “Инфоком” компаниясы менен МККнын жетекчиси Алина Шаиковага карата кылмыш иши козголгон. Алина Шаикова өлкөдөн качып кеткен, калган айыпталуучулар үй абагында. Демек бул жерде конкурстун адилет өткөндүгү күмөн, же немец компаниясы арызчыл.

 Ошентип, багы жокко дагы жок болуп, карапайым айдоочулар айдоочулук күбөлүктү дагы саргарып күтмөй болушту.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *