Айеркен Саймаити Атамбаевдин “айдоочусунун” автоунаасы менен жүргөнбү?

Мезгил

Кечөө Айеркен Саймаитини Стамбулдун Фатиха районунда мейманкананын багында атып кетишкен. Кылмыш болгон учур видеого түшүп калган. Ок чыгарган 2 кылмышкердин артынан түшкөн түрк полициясы аларды колго түшүрө албай калган. Алган жараттан улам Саймаити ооруканада каза болгон. Маркум жубайы Буфули Бүбүмайлям экөө буга чейин Баткендеги “Абдыраз” деп аталган фирма аркылуу соодагарлердин товар сатып алуу үчүн берген акчасын чет жакка которуу менен алектенип келишкен. Бирок кийинки кезде белгисиз жагдайлар менен Кыргызстандан чыгып кеткен.

Айеркен Саймаити каза болгон учурда анын чөнтөгүнөн “Ренж Ровер” автоунаасынын ачкычы табылган. Бул автоунаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугуна, тагыраагы башкы консул Эркин Сопоковго тиешелүү болушу мүмкүн деген маалымат тараган. Кечөө ТИМдин маалымат катчысы Уланбек Дыйканбаев Түркияга бул маалыматты тактоо үчүн кат жиберилгендигин, азырынча жооп келе электиги тууралуу билдирген. Кылмыш болгон жерден Айеркен Саймаитинин чөнтөгүндөгү ачкыч боюнча дипномер тагылган тиешелүү авто табылып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн алынып кетилген.

Ал эми Эркин Сопоков тууралуу айта турган болсок кезинде “Кыргызавтомаш” заводунда айдоочу болуп иштеп, кийин салык кызматында, ИИМде түрдүү даражадагы кызматтарды аркалап келген. 2017-жылдын апрелинен тартып Стамбулдагы башкы консулдук кызматына барган. Ал эми “Кыргызавтомаш” заводу абактагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгондугу жана ал айдоочуларын дайыма жакшы кызматтарга көтөрүп келгендиги тууралуу көпчүлүккө маалым.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *