Айеркен Саймаитини Түркияда атып кетишти

   Мезгил

Айеркен Саймаити менен кыргыз коомчулугу тааныш. Ал Кытайдын жараны. Жубайы экөө буга чейин “Абдыраз” деп аталган фирма аркылуу  соодагарлердин товар сатып алуу үчүн берген акчасын чет жакка которуу менен алектенип келишкен. “Азаттык” үн алгысынын бул жаран аркылуу Кытайга жана Туркияга которулган 700 миллион доллар акча жана алтын буюмдары тууралуу журналисттик иликтөөсү коомчулукта чоң чуу жараткан. Айеркен Саймаитинин акча которуу ишкердигин Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырып келишкен. Бирок бул тууралуу финпол атайын иликтөө жүргүзүп, далил таба алган эмес. Ал тургай бул үй-бүлөгө тиешелүү “Ысмайыл Ата” фондуна 2 миллион 338 миң 700 долларды Айеркен Саймаити чет өлкөдөн которгон деген айыптар да далил тапкан эмес. Фондго сырттан которулган акчанын суммасы мындан бир топ ылдый болгон.

Түрк маалымат агенттиктеринин кабарлашы боюнча Айеркен Саймаитини Стамбулдун Фатиха районунда отельдин багында атып кетишкен. Алган жараттан улам ал ооруканада каза болгон. Эске сала кете турган нерсе Айеркен Саймаити ишкерлердин 3 миллионго жакын акчасын алдамчылык жол менен алып, бербей койгон деген маалымат тараган. Ал тургай бул тууралуу жабырлануучулардын арызынын негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Ал эми депутат Искендер Матраимов Айеркен Саймаити менен эч кандай байланышы болбогондугун ЖМКга билдирди.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *