Айеркендин өлүмү: 1 млн 250 миң $ карыз үчүн 1 миң $ бааланган

Мезгил

Түркиянын “Sabah” басылмасынын маалыматы боюнча Айеркен Саймаитинин өлүмү 1 миллион 250 миң долларга байланыштуу болгон.

Ал эми дагы бир ЖМК “Т24″ кылмышкерлер Айеркен Саймаитини өлтүрүү үчүн куралдуу согушкерлердин командиринен 1 миң доллар акчага буюртма алышкан. Түркияда кармалган Кыргызстандын жарандары делген Хусеин Ахметалиев жана Абдулла Энвер, ошондой эле сириялык Али Исбех «Ан-Нусра» тобунун согушкерлери болуп саналары тууралуу маалымат тарады.

Кылмышкерлер сурак учурунда документтери жасалма экендиги тууралуу айтып беришкен. Ошондой эле кылмышкерлердин эки апта мурда Стамбулга келгендиги, Айеркенди аткандан кийин шаардан чыгып, Хатай провинциясынын Рейханлы районуна барып Сирияга өтүп кетүүнү максат кылышкан. Аларды чек ара бекетинде кармашкан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *