Айгүл Текебаева: Өмүрбек, мен чексиз бактылуумун!

Мезгил

 Камактагы “Ата-Мекен” партясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева жолдошу экөөнүн баш кошконуна быйыл 25 жыл толгонун айтып бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына жазды.

    -Мындан 25 жыл мурун 18-августта 1995-жылы биз Өмүрбек экөөбүз баш кошконбуз. Биздин тоюбуз жөнөкөй өткөн. Жашоо дагы алдыда. Бирок эсте калган  күндөр тууралуу дагы эстегим келди. Жылдардын өтүшү менен күчтүү, акылдуу, чыдамдуу болуп калат экенсиң. Дал ушул сапаттар бул жашоону башка  өңүткө алып келет, андыктан жашоонун чыныгы баалулуктары ачыла баштайт. Ошондой эле бүгүн жашоодо эң башкысы сенин жакындарыңдын курчоосу жана алардын сүйүүсү экенин жакшы түшүнөсүң. Өмүрбек, бүгүн мен сага айткым келет: Мен чексиз бактылуумун!-деген билдирүү калтырды.   

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев менен жубайы Айгүл Текебаева  төрт баланын эне-атасы.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *