Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов 2 айга камалды

    Мезгил

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май районунун соту кабыл алды. 

 Ал  Улуттук коопсуздук комитетинин СИЗОсунда  2 айга камакка  алынды. Аны менен бирге чиновниктин жардамчысы дагы камалат.

 Эске салсак, Абдыкалык Рустамов жана  анын жардамчысы 31-июлда 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Акча Ананьеводо 5 гектар жер бөлүп берүү үчүн чет элдиктен талап кылынганы айтылат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *