Айласы кеткенде жолпул жыйнагысы келген Жанат Бейшеновдун утопиясы!

   Мезгил

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов коомчулукка үн каткандай болду. Анда Чүй облусунун айланма жолун акы төлөнүүчү жолго айлантуу боюнча пикирин билдирди. Министр сунуштаган «амалга» көңүл бурсак «Акча төлөп жүрүү боюнча жолдор тууралуу мыйзамга» өзгөртүү киргизүү боюнча тиешелүү орган кишилери менен макулдашып да коюптур. Иш өкмөттүн аппаратына сунушталганына 3 ай болуптур.

Алгач Бишкектин Алматы көчөсүнөн тартып Чым-Коргон айылына чейинки 73 чакырым жол сыноо иретинде акы төлөнүүчү жолго айланат. Андан кийинкиси анан болот. Азырынча жолдон өткөндөрдөн канча акча алына тургандыгы белгисиз. Министр айткан «амал» Өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевге жагып, аны менен эбактан эле алдын ала макулдашылып коюлган кейиптенет. Бирок мыйзамга өзгөртүү киргизебиз десе ЖКнын депутаттары айласын алты жерден кетирбес бекен? Айтоор пилоттук долбоордун ТЭНин 2020-жылдан баштоого бел байлап калышыптыр. Бул жол 2021-жылдан ишке кирип калат деген пикирлер да айтылып калууда.

«Жолдор тууралуу мыйзам долбооруна ылайык, альтернативдик өтүү мүмкүнчүлүгү бар жалпы колдонуудагы жолдордун бири акы төлөнүүчү жол болушу мүмкүн. Ошол эле учурда (ред. биринчи) жолдун узундугу акы төлөнүүчү жолдон эки эседен узун болбоосу керек» – деп түшүндүрөт министрликтин маалымат катчылыгы. Эми ушул жерден өзүнүз ой жооруп көрүнүз. «Чүй айланма жолунун» альтернативдик вариантын бар экендиги тууралуу буга чейин уктуңуз беле? Же «Чүй айланма жолу 2» курулат дегенди кулагыңыз чалды беле? Биз мындайды уккан эмеспиз. Министрлик буга дагы бир айла таап актанышы мүмкүн. Бирок биз билгенден Сокулуктан-Чым-Коргон айылына чейинки, Бишкек менен Кант, Токмок шаарларын кыйгап өткөн жол айланма жол деп аталып, эбактан бери эле жалпы пайдалануудагы жол катары элге кызмат кылып келет. Же силер бул айланама жолдун түгөйү, же клону бар экендигин билесиңерби?

Бул жерде министрлик, анын алдындагы 2025-жылга чейин жол тууралуу мыйзамды өзгөртүү аркылуу өлкөдөгү 300 км жолду акы төлөп өтүүчү жолго айлантабыз деген министрликтеги Нурлан Кайынбаев жетектеген эксперттик топ элдин башын айлантып келет. Булар буга чейин министр болуп келгенден бери эч бир жарытылуу жумуш жасап, эл көзүнө көрүнө элек министр Жанат Бейшенов менен бирге «элдин жонунан кайыш тилгени турушат». Анткени долбоор бир нече жылга созулат. Ал эми булар ишти жасап койсо, кийин мезгил өткөндө ал үчүн жооп бериши күмөн. Ортодо эл эле кыйналат, убагы келгенде. Албетте акы төлөнүүчү жолдорго эл каршы эмес. Бирок алар сапаты боюнча мыйзамдагы талаптарга жооп бере ала тургандай болуусу керек да.

Министрликтин жол мыйзамына ылайык берген түшүндүрмөсүндө «альтернативдик өтүү мүмкүнчүлүгү бар жалпы колдонуудагы жолдордун бири акы төлөнүүчү жол болушу мүмкүн. Ошол эле учурда (ред. биринчи) жолдун узундугу акы төлөнүүчү жолдон эки эседен узун болбоосу керек» -дейт. А булар иштеп турган айланма жолдун өзүн акы төлөнчү жолго айланткылары келип жатышпайбы? А алтернативдик жол кайда? Албетте министрлик Бишкектин чыгышынан башталган Кант, Токмок шаарларын ортосунан кесип өткөн жолду айтышы мүмкүн. Бирок ал жолдун категориясы башка болуп, калктуу пункттарды аралап өтөт. Эки башка маанидеги жол эч качан алтернативдик жол боло албайт. «Чүй айланма жолунун» өзү да эбак эле айланма жол болбой калган. Анткени анын тегерегине жаңы айылдар түшүп, ТТС, МКС, коомдук тамактануу жайлары, ж.б. курулуштар курулуп, айыл чарба техникалары жүргөн жолго айланган. Муну акы төлөнүүчү жолго айлантам дегендин өзү утопия!

Андан көрө жаңы жол салган дурус. Алысты билбесек да жакынкы чет өлкөлөрдөгү акы төлөнүүчү жолдор жаңы салынган. Ага кире бериште акы төлөөнү автомат ишке ашырат. Ал эми жолдордун сапаты мыкты жана кесилиштер көпүрөлөр аркылуу өтөт. Жетчү жериңе бат жана тоскоолдуксуз жетесиң. Бизде жаңы курулуп жаткан «Түндүк-түштүк альтернативдик жолу» ушул сыяктуу десек болот. «Түндүк-түштүк альтернативдик жолу» ачылганда акы төлөнүүчү жолдордун талабына толук жооп берет деп ойлойбуз. Анткени анын альтернативасы болуп Төө-Ашуу аркылуу өткөн жол бар. Ал эми «Чүй айланма жолунун» альтернативасы жок.

Эске сала кетсек 2018-жылы Транспорт жана жолдор министрлигинде тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ түзүлгөн Анда жеңил автомобилдерден 1 километрге 60 тыйын, жүк ташуучу автолордон 2 сомдон 10 сомго чейин акы алуу жагы болжолдуу, алдын ала айтылган.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *