Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкекке жиберилет

Мезгил

Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкекке жиберилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов берди. Анын айтымында, учурда ордо калаада дарыгерлердин басымдуу бөлүгү вируска чалдыкты. Мындан улам алардын орду бош калууда. Эми аймактардагы медицина кызматкерлери Бишкектеги кесиптештерине жардам берүү үчүн келишет.

 Муну менен катар эле Боронов  дарыгерлерге июнь айына берилүүчү кошумча төлөмдөр 10-июлдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектигин айтты.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *