Айнуру Алтыбаева эл казынасына «алтынчы колду» салууга добуш суроодо

Мезгил.

Өлкөнүн казынасы толбой, курсагы курулдап турган мезгилде депутат айым Айнуру Алтыбаева «Саясий партиялар бюджеттен каржылансын» деген тейде мыйзам токуп, анысын ишке ашыруу үчүн добуш сурап жүрөт. Тагыраагы мыйзам долбоорун элдик талкууга койгон. Кызык жери мурда парламент партасында олтуруп кеткен б/у депутат Равшан Жээнбеков да бул мыйзам долбооруна табакташ экен.

Айнуру Алтыбаеванын өзү «бул мыйзам долбоору элдин арасында нараазычылык жаратары турган иш» деген пикирде экен. Андай болду, анда эмнеге мыйзам токуп, аны талкууга коёт?

Эл казынасы эңшерилип, бутка тартса башка жетпей, башын жабайын десе буту ачылып кала турган кыска, жупуну жамынчы төшөккө окшоп турган кезде «саясий партияларды» салык төлөөчүлөрдүн, тагыраагы элдин чөнтөгүнөн каржылаш керек дегендин өзү жагымсыз сунуш. Элдик казынага беш кол беш тараптан салынып, «казандагы тамак» беш оозго жетпей турганда Айнуру Алтыбаева «алтынчы колду» салдырганы атат.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *