Айрым коомдук транспорттордун каттамы өзгөрүп, Киев көчөсү эки багыттуу болот

Мезгил
Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштеринен улам, коомдук транспорттордун каттамы өзгөрөт. Буга ылайык, Бишкектеги Киев көчөсү унаа кыймылы үчүн убактылуу эки багыттуу болот. Бул бууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-августтан тарта Москва көчөсүнүн Манас кең көчөсүнөн Жаш Гвардия Бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Оңдоо иштери 28-августка чейин жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, троллейбустук каттамдардын кыймылынын схемасы убактылуу өзгөрүп, кичи автобустар № 102, 110, 195, 204, 213, 222, 265, 266, 269 жана 295тин каттамы өзгөрөт. Алар Чүй жана Киев көчөсү аркылуу каттайт. Киев көчөсүнүн Манас проспектисинен Бейшеналиевага чейинки бөлүгү айдын аягына чейин 2 багыттуу болот.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *