Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк чемпионатта биринчи беттешин жеңди

  Мезгил

Кыргызстандык балбан кыз, Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 19-сентябрда Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатта биринчи беттешин жеңди.

 Ал  16/1 финалда мексикалык Алехандра Ромеро Бонилла’ны 8:0 эсебинде утуп алды.

Айсулуу эми жарым чейрек финалда япониялык Юкако Каваи менен  кез келет.

 Учурда спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште биринчиден бешинчи орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *