Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчиликти берген жок

   Мезгил

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчиликти сактап калды. Жаңыланган тизмени Бириккен күрөш дүйнөсү жарыялады.

Жаңыланган тизмеге ылайык,   кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова мурдагыдай эле биринчи орундан түшкөн жок.

Ал Нур-Султандагы дүйнө чемпионатынан алтын медаль утуп лидерликке чыккан. Учурда Тыныбекова 76 упайга ээлик кылат. Кыргызстандык спортчунун артында 40 упайы менен болгариялык Тайбе Юсейн турат.

Ал эми үчүнчү сапка «Европа оюндары-2019» турниринин жеңүүчүсү, украиналык Юлия Ткач илинген.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *