Айсулуу Тыныбекова “Poland Open 2019” мелдешинде күмүш медаль тагынды

Мезгил

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова “Poland Open 2019” мелдешинде күмүш медаль тагынды. 

Мелдеш 2-4-август күндөрү Варшавада өтүп, 62 кг салмагында 20 спортчу ат салышкан. Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова алардын катарында болгон. Ал Швеция, Украина, Орусиядан келген балбан айымдар менен беттешип финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште Тунистен келген спортчу менен ат салышмак, бирок беттешке чыгуудан баш тартты. Себеби, Айсулуу бутунун булчуңун чойдуруп алып, “жаракатын дагы ырбатып жибербесин” – деп башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков аны финалга чыгарган жок. Калыбына келүү үчүн бир жумага жакын убакыт керек.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *