Айсулуу Тыныбекова Польшадагы XXIII эл аралык Poland Open турнирине катышат

Мезгил

Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова XXIII эл аралык Poland Open турнирине катышат. 

Турнир 2-4-август күндөрү Варшава (Польша) шаарында өтөт. Мелдеште өлкө атынан 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова катышмакчы. Спортчуну машыктыруучусу Нурбек Изабеков коштоп барат.

Командага Спорт агенттигинин олимпиадалык спорт боюнча дирекциясы тарабынан 212 миң сом каралган.

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандагы балбан кыздардын сап башында турат. Чоңдор арасында Азиянын үч жолку чемпиону. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада бешинчи орунду алган. Ошондой эле Азия оюндары жана Ислам тилектештиги оюндарында чемпиондукту багындырган. 2017-жылы Дүйнө чемпионатынан коло алган. КРдин эмгек сиңирген спортчусу, эл аралык класстагы спорт чебери. Даңк медалынын ээси.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *