Айткулов: 200 миң $ уурдалганы чын, далилзат жок айыпталуучу акталышы керек

    Мезгил

УКМКнын сейфинен Башкы прокуратуранын кызматкери Улан Чалбаев ири суммада пара алып жаткан учурда алынган далилзат, б.а. 200 миң доллар акча жоголуп кеткен. Бул тууралуу “Mezgilnews” сайтыИсаевдин күйөө баласынын 200 миң $ уурдаганы чынбы?” деген макала жарыялаганбыз. Жакында жактоочу Икрамидин Айткулов далилзаттын жоголуп кеткендиги чын экендигин кабарлады. Ошондой эле Айткуловдун пикиринде акчанын уурдалышына шектүү УКМК кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышы керек.

“Чындыгында эле, Улан Чалбаев УКМКнын мурдагы кызматкеринен жана Канатбек Исаевдин күйөө баласы Ишенгулов Бакайдан доолаган деп айтылган 200 000 доллар акча жоголуп кетиптир. Далил буюмдардын жоктугу – иш сотко бериле элек болсо, аны токтотуу үчүн бирден бир негиз болуп саналат. Ал эми мындай жагдайда актоодон башка чечим негизсиз жана мыйзамсыз болуп калат. Прокуратура далил буюмдардын жоголгонуна байланыштуу кылмыш ишин козгошу керек. Акчанын сакталышын камсыздабаган жетекчилиер да жоопкерчиликке тартылууга тийиш”, – деди Икрамидин Айткулов.

Жактоочунун айтымында далил буюмдардын жоголушу соттук процесс үчүн бир гана нерсени түшүндүрөт, бул – иш боюнча бардык айыпталуучулар акталышы керек. УКМКнын кызматкери эмнегедир өз ыктыяры менен кызматтан алынган. Ага карата кылмыш иши дагы козголгон эмес.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *