Айыккандар көбөйүүдө. Дагы 1091 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты

   Мезгил

Кыргызстанда дагы 1091 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 329 киши, Ош шаарында – 76, Чүй облусунда – 84, Ош облусунда – 85, Нарын облусунда – 67, Ысык-Көл облусунда – 137, Жалал-Абад облусунда – 195, Талас облусунда – 48, Баткен облусунда 70 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан жана пневмониядан айыгып чыккандардын саны 22 миң 296га жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *