Айыл чарба министри Нурбек Мурашев отставкага кетти

    Мезгил

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев отставкага кетти.  Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына Мурашев өзү билдирди. Маалыматка караганда  кызматтан кетүү тууралуу арызды өзү жазган.

Белгилей кетсек, Мурашевге карата буга чейин бир катар сындар айтылып келген. Ага негизги себеп болгон картошкага болгон баанын төмөндөп кетиши болгон. Ал эми кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди сынга алып кабинетке “чириген картошка келбесин!” деп зекиген.

Эскк салсак, Нурбек Мурашев Айыл чарба, мелиорация жана өнөр жай министри кызматына 2016-жылы дайындалган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *