Айыл чарба министри Өзбекстанга картөшкө сата албай убара

 Мезгил

Кыргызстандык картөшкө өндүрүүчүлөр Өзбекстан менен баа боюнча келише албай жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирүүдө.

Министрлик билдиргендей,  эки тараптуу сүйлөшүүлөр былтыр ноябрда болуп, бирок кыргызстандык дыйкандар менен өзбекстандык жеке ишкерлер бирдиктүү бааны орното алган эмес.

Бирок коңшу өлкө картөшкөнү киргизүүгө эч кандай чектөө койгон жок. Бүгүнкү күндө Өзбекстан Кыргызстандан 145 миң тонна картөшкө сатып алууга даяр.

 1-февралга карата Кыргызстанда былтыркы түшүмдөн 70 миң тонна сатылбай жатат.

Жалпы өндүрүлгөн көлөм 144 миң тоннадан ашкан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *