Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы чынында министрдин орун басары болуп Кытайга бармак болгон

   Мезгил

  Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы менен болгон мыйзам бузуу чынында болгондугу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиршти.

Текшерүүдө бөлүм башчы Анаркүл Беккулиева министрдин орун басары даражасында көрсөтүлүп, Кытайга бармак болгон. 

Бул даражага чейин аны көтөрүп, тастыктап берген маалымкатка министрдин чыныгы орун басары Амангелди Исаев кол койгон.

 Башкы прокуратура чиновниктерди дисциплинардык жоопко тартуу сунушун премьер-министрге жөнөттү.

  Бөлүм башчы мындай маалымкат менен Кытайдагы иш-чарага бармак.

Себеби тосуучу тарап министрдин орун басарынан төмөн эмес даражадагы чиновниктерди гана акысыз кабыл алмак.

Эске салсак, Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев министрдин орунбасары катары бекер командировкага жөнөтүү үчүн экспорт бөлүмүнүн башкы адиси Анаркүл Беккулиеваны расмий катка жалган жаздырткан.

Бул жалган документке шектенген кытай тарап Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине тиешелүү суроо жөнөткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева фейсбуктагы баракчасына  жазып чыккан.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *