Айылчы САРЫБАЕВ: “Азыркылардын бюджет жөнүндө түшүнүгү жок экени көрүндү”

Мезгил

Экономика жаатында маселени ийне-жибине чейин билген айтылуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев  агай менен азын-оолак маектештик. Абай салып көрүңүз.

–Айылчы агай айтыңызчы, экономикалык оор кризис Кыргызстанда качанкыга чейин уланат? Бийлик бул жаатта эмне иш кылышы керек?

–Бул суроого парламент депутаттары жооп бериши керек. Себеби, ошолор жакында эле Кубатбек Бороновду жана өкмөт мүчөлөрүн бекитишти. Экинчиден, буларга эч нерсе деп айта албайм. Себеби, булардын колунан эмне келерин билбейм. «Сууну сиңген жерге куй, сөздү уккан жерге айт» дешет. «Аны кылыш керек, муну кылыш керек» – дегендер толтура. Өзүнө иш берсең колунан эч нерсе келбейт. Булар деле бирдеме билебиз деп келишти да. Бирдемелерди жасайбыз деп убада беришти. Эми чоң эле адамдарга акыл айтыш туура эмес болуп калат. Демек, оор кризис булардын кылган ишине, кабыл алган чечимдеринин аткарылышына жараша болот.

Мамлекеттик казынабыздагы абалыбыз, андагы бөксөлүк боюнча оюңуз кандай?

–Мен башында эле айткам «бюджетти секвестр кылгыла (чыгымдарын кескин кыскарткыла)» деп. Булар тескерисинче «карызды көбүрөөк алалы, жардамды көбүрөөк сурайлы» деп чечишти. Демек, бюджет, мамлекет жөнүндө түшүнүктөрү жок экени көрүндү. Ал эмес депутаттар «эмне кылыш керек?» – деген суроого да туура жооп бере албаса керек…

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *