Айылдашы: Баласын сабаган киши кылыгына өкүнүп жатат

 Мезгил

Баласын сабаган жаран кылыгы үчун өкүнүп жаткандыгын анын айылдышы  Жумамидин Сулайманкулов  интернеттеги баракчасына жазды.

– Коомчулукта талкууга жем таштаган, баласын сабаган жигит менин айылдашым.

Вотсап аркылуу сүйлөштүм. Кылган ишине бушайман. Кызуу кандуулука алдырып койгонун, уят болгонун, баласына карата зулумдугу жоктугун айтып өкүнүп жатат.

Ооба туура эмес иш болгон. Өз баласы болсо да мынчалыка барганы аша чапкандык. Коомчулук жазалансын деген талапты коюп жатабыз. Албетте жазасыз калбашы керек. Бирок анча-мынча жаш кезибизде таяк жегенибизди, ата-энеден кагуу силкүү укканыбызды эске алуу менен кечиримдүү болсок. Эч ким өз канынан жаралган баласын жаман болсун дебейт. Видеого тартып атайын жайылтуу же күйөөсүн каматып жиберүү, үй-бүлөнүн бузулуусуна алып келүү аракети да болгон эмес. Болгону туура эмес кылган ишин тууган-уруктарына жөнөтүп тарбияга чакыруусун көздөгөн максат болушу мүмкүн.

Коомчулук тарабынан берилген баа бул эң чоң жаза болду окшойт. Элдин назары, элдин каргышынан өткөн оор жаза болбосо керек. Андыктан ата-баланын түбөлүк мамилесине жарака кетпөөсү, жек көрүү сезими жаралбоосу үчүн мен баланын атасы мыйзам алдында жазага тартуусун калабай турамын. Азыр экөө тең жаш. Жашоо уланат. Камалса атасы түрмөдөн деле чыгат. Алган сабагы аз болот. Бир үй-бүлө талкаланат. Балдарды чоңойтуу, багуу, барбиялоо керек.

Эгер кечиримдүү болуп мүмкүнчүлүк берсек өмүр боюу бул сабак көз алдынан кетпейт. Кол көтөрмөк түгүл каттуу айтканга дити барбайт. Анткени ата-эне барибир балдарын жакшы көрөт. Бул кылганы өмүр боюу жүрөгүн өйүп өзүн үзө жейт-дейт ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *