Айымдарга алты кеңеш

Мезгил

Жаңы сатып алган самынды пайдалануудан мурда, батареяга же печканын кырына коюп алып, анан колдонсо, ал кир жууган учурда эки эсе көбүрөт.

Пияздын кабыгын жазында картошка отургузуу учурунда, башкача айтканда үрөн салган үңкүргө кабыкты кошо комсо, кабык чиригенден кийин, картошканын “душманы” болгон калорат жугунан сактайт.

Лимондун согу бычактын мизиндеги, жез буюмдардагы, дасторкондогу чайдын тагын кетирип, мрамор плиталарды жана кафелдерди жаркырата тазалайт.

Ак кирлерди агартуунун эң жөнөкөй жолдорунун бири, 1 чака ысык сууга 2 аш кашык өсүмдүк майын 1 стакан “Белизна ” жана 200 г. айна кошуп кирди чылап коюп эртеси жууп салса таза, аппак болуп кетет.   

Демейдеги колдонгон кара чайдын ордуна көк чайды ичүүгө болот. Алгач анын даамы башкача сезилгени менен бара-бара көнүп,даамдуу, жагымдуу сзилип калат. Көк чай адамды ашыкча салмактан арылтып май жыйноого жол бербейт.

Муздак сууга жууну керек. Жок эле дегенде эртең мененкисин бир маал муздагыраак сууга гель менен жуунуга болот. Ошону менен кошо катуураак щётка менен сүрүнүп жуунуу керек. Ал адамды жылуулайт,ошол эле учурда дене бекем болуп чыга келет. 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *