Айымдарга алтын сырга. Бул сапаттарга ээ болсоңуз, жолдошуңузду жипсиз байлайсыз

Мезгил

Үй бүлө туурасында ар бир адам ойлонбой койбойсо керек. Жада калса үй-бүлө кура элек улан кыздардан баштап бул жөнүндө кыялданышат. Бул бакытка жетүү үчүн аял затынын аракетти күч болуш керек. Андыктан төмөнкүдөй эрежелерди аткаруу менен түбөлүк бакытка жетсе болот:

        –Үйдө өзүңүздүн аял экениниңди сезишиңиз керек. Социологдордун айтымында баардык эле мырзы аялынан өйдө болуп туруну самайт. Анткени эркек ар дайым өзүн эркек сезип, аялынан бийик турууну каалайт. Үй бүлөдө аял киши тең тайлашып, “мен сенден көп акча табам”- деп күйөсү менен тирешүүсү жакшы жыйынтык алып келбестен, уруш чатакты гана пайда кылат.

–        Күйөңүздүн ар дайым жакшы жактарын издеңиз, жаман жактары болсо, унутуп   койгонуңуз жакшы. Жакшы жактарын  гана көрүп жүрсөңүз сиздин жолдошуңузга болгон сүйүңүз мурункудан да күчөйт.

–        Үйдөн күлүп жүрүңүз өмүрлүк жараңыз жумуштан чарчап келген убакта, жаркырап күлүп тозуп алсаңыз чарчаганы билинбей маанайы көтөрүлүп калат. Ар кандай көйгөйлөр чыккан учурда да, эшиктен кирип келери менен баштабай, жай отуруп акырын түшүндүрүп, сүйлөшүп алыңыз.

–        Жөнөкөй болуңуз, акчасы жок убакта баалуу белек талап кылганды токтотуңуз. Жанында жүргөн бай адамдар менен салыштыра берүүдөн алыс болуңуз. Андан көрө акчасын сарамжал пайдаланып, чогултканга жардам бериңиз. Сарамжалдуулук байлыктын эшигин ачат.

–        Жолдошуңузга ар убак ыраазы болуңуз. Жакшы сөз айтып мактаганды унутпаңыз. Мырзалардын көпчүлүгү негизинен бала кыялдуу болушкандыктан мактап койсоңуз  төбөсү көккө жеткендей эле болушат. Аракети мурункудан да күчөп кантип жагыштын айласын издеп башташат.

–        Жолдошуңузга кызыктуу болуңуз.  Ар дайым күлүп жүрүңүз жылмайуу ар бир адамга сулуулук тартуулайт. Мырзалардын баардыгы жанындагы айымынын сулуу болушун каалайт.

–        Ишениңиз бирок, текшериңиз. Жакын адамыңызга анын сизге керек экинин билдириңиз. Кызгансаңыз да чеги менен аша чаап кетбестен. Такыр эле кызганбай койсоңуз да болбойт баары бир экен деп ойлоп калат.

–        Келбетиңизге ар убак көңүл буруңуз жакын адамыңыздын жанында сулуу болуп, жакшы жыттанып туруңуз. Сүйүү балалуу болгондо эле жоголот балага өтүп кетет деген сөзгө ишенбеңиз тескерисинче барган сайын күчөй берет.

–        Үй бүлөдөгү сырды бекем сактай билиңиз. Коломтодо болгон нерселерди тышка чыгарбай сактаган жакшы. Анткени сизге баардык эле адамдардын көзү түз эмес. Жарыялагандын кереги жок.

–        Балаңыздын жанында күйөңүзгө каттуу кыйкырып сүйлөбөңүз бала ата-энеден үлгү алат. Үйдөгү чыр чатактан баланын аң-сезими бузулушу мүмкүн.

–        Жолдошуңуздун башына кыйынчылык келгенде, жанында боло билиңиз. Анткени анын эң жакын колдо көрсөтө турган адамы сизсиз.

–        Эс алып жаткан убакта бөлмөсүнө балдарды киргизип ызы-чуу кылбай, эс алуусуна шарт түзүп бериңиз.

        –        Үйдү таза жана жыйнактуу кармаңыз. Үйдүн жыты жана тазалыгы эң чоң рол ойнойт. Босогодон киргенде бөлмөнүн ичи таза жыйнактуу жана жытуулугу ар бир адамды өзүнө тартат.

–        Жаткан төшөгүңүздүн тазалыгы менен сиздин кандай айым экениңиз көрүнөт. Андыктан шейшебиңизге да өзгөчө көңүл буруңуз. Шейшеп   кездеменин түрүнө карап алыңыз. Мисалга алсак сатин менен жибек кездеменин аралашмасынан жасалган шейшептер көпчүлүк мырзаларга жагат. Түгөйүңүздүн табитине жараша карап алсаңыз андан да жакшы.

-Бош убактыңызда жолдошуңуздун жана балдарыңыздын коштоосунда бир жакка барып эс алыңыз.

Үй бүлөнү сакташ биринчи айымдардын колунда. Андыктан, үй бүлөгө аяр мамиле жасап, коломтоңузду өчүрбөй жүрүңүз.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *