Ак үй алдына митинге чыккандар Жеңиш Разаковдун отставкага кетүүсүн талап кылышууда

Мезгил

Бүгүн, 15-январда саат 10.00дө Ак үйдүн алдында кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүнү боюнча өтүп жаткан митингде вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетүүсүн талап кылышты.

 Чогулгандар талаптарын айтып жатып, Жеңиш Разаков чек ара маселесин чече алган жок деп анын кызматтан кетишин талап кылышты. Мындан тышкары, Баткенден атайын маселени айтып келгендерди президент кабыл алсын алуусун талап кылышууда.   


Эске салсак, учурда Бишкекте чек ара маселесин чечүүнү бийликтен талап кылуу максатында тынчтык митинги өтүүдө.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *