Ак-Сайдан көчүп Көк-Сайга, же партияны байпактай алмаштырган депутаттар

 

Мезгил

Дарак бир жерден көгөрөт дейт, бирок бул сөздүн депутаттарга тиешеси жок көрүнөт. Алар партиядан-партияга көчүп-конуп, парламент жайлоосунда беймарал саякаттаганды адат кылып алышкан.

Парламент депутаттарынын арасында “однолюбдар” сейрек кездешет. 120 депутаттын ичинен 37 депутат партия которгон “көчмөндөр” болуп саналат. Алардын ичинен Каныбек Иманалиев – 5, Акылбек Жапаров – 4, Дастан Бекешов – 3, Динара Исаева – 3, Улан Примов – 3, Азиз Турсунбаев – 3, Бакыт Төрөбаев- 3, Алтынбек Сулайманов – 3, Абдумажит Юсуров – 3 жолу партия алмаштырганга жетишкен. Калагандары экиден алмаштырышкан. Ал эми “РАЖ” фракциясы боюнча 2 партия биригип шайлоого баргандыгы да эске алынды.

КСДП фракциясынын депутатары

  1. Алтыбаева Айнуру– “Ар Намыс” (2010-ж.), КСДП (2015-ж.).
  2. Арапбаев Азамат – “Ак Жол” (2008-ж.), КСДП (2010-ж., 2015-ж.).
  3. Артыков Анвар– “Ар Намыс” (2010-ж.), КСДП (2015-ж.).
  4. Бакиров Өмүрбек– “Ата-Журт” (2010-ж.), КСДП (2015-ж.).
  5. Бекешев Дастан– “Ар Намыс” (2010-ж.), “Ак-Ниет” партиянын лидер (2014-ж.), КСДП (2015-ж.).
  6. Жетигенов Бакытбек– “Ар Намыс” (2010-ж.), КСДП (2015-ж.).
  7. Нурбаев Абдывахап– “Адилеттүү Кыргызстан” (2012-ж.), КСДП (2015-ж.).
  8. Примов Улан– “Ата-Журт” (2010-ж.),”Республика” (2014-ж.), КСДП (2015-ж.).
  9. Рыспаев Кожобек– “Ар Намыс” (2010-ж.), КСДП (2015-ж.).
  10. Турсунбеков Чыныбай– “Ак-Шумкар” (2007-ж.), КСДП (2010-ж., 2015-ж.).

“Республика – Ата Журт” фракциясынын депутатары

  1. Бокоев Кенжебек – “Республика” (2010-ж.), “Республика – Ата Журт” (2015-ж.).
  2. Жээнчороев Мирлан– “Республика” (2012-ж.), “Республика – Ата Журт” (2015-ж.).
  3. Исаева Динара– “Ак-Жол” (2007-ж.), “Ата-Журт” (2010-ж.), “Республика – Ата Журт” (2015-ж.).
  4. Мамытов Талант– “Ата-Журт” (2010-ж.), “Республика – Ата Журт” (2015-ж.).
  5. Сабиров Максат– “Республика” (2010-ж.), “Республика – Ата Журт” (2015-ж.).
  6. Тулендыбаев Пархат– “Ак-Жол” (2007-ж.), “Республика – Ата Журт” (2015-ж.).

“Кыргызстан” фракциясынын депутаттары

  1. Алимбеков Нурбек– “Республика” (2010-ж.), “Кыргызстан” (2015-ж.).
  2. Баатырбеков Алмазбек– “Республика” (2010-ж.), “Кыргызстан” (2015-ж.).
  3. Жумабеков Дастанбек– “Ата Журт” (2010-ж.), “Кыргызстан” (2015-ж.).
  4. Исаев Канатбек– “Республика” (2010-ж.), “Кыргызстан” (2015-ж.).
  5. Турсунбаев Азизбек – “Ак-Жол” (2007-ж.), “Бир Бол” (2015-ж.), “Кыргызстан” (2015-ж.).

Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары

  1. Бакиров Мирлан– “Республика” (2010-ж.), “Өнүгүү-Прогресс” (2015-ж.).
  2. Жамалдинов Зиядин– “Ак Жол” (2007-ж.), “Өнүгүү-Прогресс” (2015-ж.).
  3. Жолдошбаев Камчыбек– “Туран” (2007-ж.), “Өнүгүү-Прогресс” (2015-ж.)
  4. Жутанов Алмаз– “Республика” (2010-ж.), “Өнүгүү-Прогресс” (2015-ж.)
  5. Масалиев Исхак– “КР Коммунисттер партиясы” (2005-ж.), “Өнүгүү-Прогресс” (2015-ж.).
  6. Төрөбаев Бакыт– “Ак Жол” (2007-ж.), “Республика” (2010-ж.), “Өнүгүү-Прогресс” (2015-ж.).
  7. Шайназаров Тынчтыкбек– “Республика” (2010-ж.), “Өнүгүү-Прогресс” (2015-ж.).
  8. Юсуров Абдулмажит– “Ак Жол” (2007-ж.), “Содружество” (2010-ж.), “Өнүгүү-Прогресс” (2015-ж.).

“Бир Бол” фракциясынын депутаттары

  1. Абдылдаев Мыктыбек– “Ата-Журт” (2010-ж.), “Бир Бол” (2015-ж.).
  2. Жапаров Акылбек– КСДП (1993-ж.), “Демократиялык күчтөр союзу” (2000-2005-жылдар), “Ар-Намыс” (2010-ж.), “Бир Бол” (2015-ж.).
  3. Ормонов Улукбек– “Ак-Жол” (2007-ж.), “Бир Бол” (2015-ж.).
  4. Пирматов Исхак– “Республика” (2010-ж.), “Бир Бол” (2015-ж.).
  5. Сулайманов Алтынбек– “Ак-Жол” (2007-ж.), “Республика” (2010-ж.), “Бир Бол” (2015-ж.).

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары

  1. Иманалиев Каныбек– “Демократиялык күчтөр союзу” (“Ак-Шумкар” болуп өзгөргөн) (2005-ж.), “Туран” (2007-ж.), “Ар-Намыс” (2010-ж.). “Замандаш-Современник” (2015-ж.),”Ата Мекен” (2015-ж.).
  2. Сулейманов Бахадыр– “Ата Журт” (2010-ж.), “Ата Мекен” (2015-ж.).
  3. Садык Шер-Нияз– “Замандаш-Современник” (2013-ж.), “Ата Мекен” (2015-ж.).

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *