Акаевчилер башын көтөрө башташты, ажону Кыргызстанга алып келүү планы түзүлүп жатабы?

   Мезгил

Бул аптанын башкы жаңылыгын Аскар Акаев жаңыртты. Гезиттердин бирине берген маегинде Текебаевди мактап, Куловго ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга баргысы келгенин кыйытыптыр. Ага удаа эле Садырбек Чериков деген журналист, саясат иликтөөчүмүн деген Акаев тууралуу ымандай сырын жашырбай төгүп, макала чүргөй коюптур. Автордун пикиринде тунгуч-перзиденттин учурунда 1993-жылы Кыргызстандын тышкы карызы бар болгону 130 миллион АКШ долларына барабар болгонун баары эле биле бербейт экен. Бирок кийинки жылдары алган карыздар дээрлик 2 миллиардга жеткени ырас экен. Бирок, Аскар Акаевдин эл аралык каржы уюмдары, донор өлкөлөр менен ырааттуу жүргүзгөн ыкчам, чыйрак аракеттери, жеке аброю аркасында ал карызды кайрадан 600 млн долларга чейин түшүрө алгандыгы да ырас экен. “Ал эми таш жарган үшкүрүгүбүз – ошол 600 миллион да жакынкы күндөрдө эсептен чыгарыларда, Кыргызстаныбыз чындап көз карандысыз болордо, дүркүрөп өнүгөрдө тагдырдын жазмышы сыяктуу март төңкөрүшү чыга калганы болду” – деп кейит журналист. Ал төңкөрүштүн чын-себептери да терең изилденүүчү нерсе экен.

Чындыгында Акаев тууралуу болобу, Бакиев тууралуу болобу, ар ким өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Садырбек Чериковдун айтканын ким кандай кабыл алат, ар кимдин өз иши. Ал кишинин көз карашын ачык жазганга да укугу бар. Бирок акыркы кезде Бермет Акаева Кыргызстанга келип кеткенден кийин Аскар Акаевдин да келүүгө ниети бар экендиги көп айтыла баштады. Бермет Кыргызстанга келгенде элдин маанайын сынап көрүү эксперименти ишке ашты десек болот. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт, бул визит акаевчилердин башын бириктирип, жыланды ийнинен чыгарып кетти, уктап жаткан аюуну ойготту деген чындыкка коошуп тургандай.

Өмүрбек Бабановду эч ким чакырбаса да учуп келип, кайра учуп кеткеге шашты. Келгенине өкүнүп да калды окшойт. Бир четинен алганда акаевчилердин баш көтөрө башташы табийгый көрүнүш. Бирок Акаев өлкөгө келе турган болсо бакиевчилер деле тынч жатпай, копшоло тургандыгы айныксыз кеп. Деги Кыргызстанда тынчтык эле болсо экен.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *