Акбөкөн ТАШТАНБЕКОВ, Афганистан согушунун ардагерлеринин партиясынын төрагасы: “Кыргызстан бүгүн чоң базар болуп калгандай…”

 

Мезгил

–Акбөкөн мырза, саясаттагы алы бары деле, алы жогу деле алдыдагы аламан жарышка аттанууну максат кылышып, тыбырап жаткан учурлары. Мындай катмарда сиз дагы барсызбы?

–Албетте, мен дагы элден калбайын деп ойлонуп отурган кезим! Аттарымды карап, такалап жатам.

–Такалап жатып, мыгын туурага кетирип ала көрбөңүз…

–Азыркы заманда кыйын, ак менен кара орун алмашып калгансыйт! 17 жыл келди! «Утром белые, в обед красные, вечером Махновцы» – дегендей эле болуп жатат.

Дагы кененирээк кылып сүйлөп бербейсизби? Саясат боюнча…

–Бүгүн саясат барбы өзү? Кыргызстан болгону чоң базар болуп калгандай сезилет!

–Башка партиялар менен биригесиңерби? Же өз алдынча эле чыгасыңарбы?

–Жок, бирикпейбиз! Биз өз алдыбызча эле чыгабыз.

–Буга чейин деле өз алдыңарча чыгып, жеңишти камсыз кыла албаганыңыздар дагы деле сиздерге сабак болгон жокпу?

–Эмнеге? Биз убагында жакшы алганбыз, депутат болгонбуз! Экинчисинде бизди каттоого албай коюшкан. Дагы бир жолкусунда мени камап коюшкан «шайлоодо көп билесин» дешип. Болгону силердин маалыматыңар так эмес экен да биз жөнүндө!

Макул силер го бирикпейт экенсиңер. А башка партиялар сиздер менен биригүүгө кадам таштап жатышабы?

–Алар асманда учуп жүргөндөр, өздөрүн бийик сезгендер. Биз жер менен басып жүргөндөрдөнбүз. Образдуу салыштырганда алар үчүн «байкуш» партиябыз! А бирок, алар 90 күндө бири-бирин кырып, жамандап, компроматтар түрмөгүн бири-бирине тонналап ыргытышат. Биз акырын атыбызды желдирип бара берейли да. 4-октябрды көздөй! Демократия үчүн деле бир бей-бечара партия керек! «Манастан Чубак кем бекен» дегендей.

Каражат жагынан кандайсыздар? Президент жакында шайлоодогу босого баллды 7 пайызга дейре түшүргөн жарлыкка кол койду. Бул жагынан кандай ой айта аласыз?

–Биринчи шайлоого жетейли! Ага чейин Афганистандагы чек арада турган 5000 боевик Кыргызстанга кирип келбесе, дагы бир революция болуп кетпесе… Абал күнүгө алмашып жатат! Алдыда дагы далай өзгөрүүлөр болот!

Ал эми шайлоо босогосу боюнча 7% туура эле! 5 000 000 сом күрөөгө коюлса эп болот!

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *