Акимов: Убакыт келет. Бул банданын баары Конституциялык төңкөрүш жасагандыгы үчүн жооп беришет

Мезгил

Саясат таануучу Турат Акимов кечээ интернет айдыңында кызуу талкууга алынган “Фейсбуктагы” постунан соң ЖМК өкүлдөрүнө дагы маалымат берди. Анда Өмүрбек Текебаев бүгүн элдин кызыкчылыгын коргоочунун ролун ойноп, парламентти “жашартып” жана ага “белгилүү” адамдарды алып келүүгө аракет кылууда. Бирок 10 жылдан бери биз анын “чыгармачылыгы” канчалык деңгээлде экендигин байкап келе жатабыз. Бул саясатчынын “сайраганына” көңүл буруп кереги жок, анын реалдуу жасаган иштерине карап баалаган оң деген пикирин айткан Турат Акимов.

– Турат Кудайбергенович, Өмүрбек Текебаев тууралуу социалдык тармакта калтырган постуңуз кызуу талкууга алынды. Ал постко батпай калган дагы кандай пикирлериңиз бар эле?

– Текебаев парламентке өтүү үчүн босого чегин ылдыйлатуу керек деп эсептейт. Бул парламентке жаштардын келишине жол ачат дейт. Анын бул айткан сөздөрүнүн бардыгы сандырактыкка жатат. Текебаев шайлоодо мурдагыдай эле акча каражаттары баарын чечээрин жакшы билет. Эч кандай демократтык институттар бул шайлоолордо жардам бере албайт. Анткени алардын баары саясий коррупцияга малынган. Бир сөз менен айтканда, шайлоодо баардыгын административдик ресурс менен акча чечет. Ошондуктан тажрыйбалуу саясатчы катары, мүмкүн ал өзү катышпастыр. Бирок анын айлансындагылардын кимдир бирөөсүнө парламентке өтүүгө шарт түзүп берет. Текебаев мурда парламентке эптеп-септеп өтүп келсе, эми такыр мүмкүнчүлүгү жок экендигин жакшы түшүнүп турат.

– Текебаевди Конституциянын “атасы” дешет. Сиз буга кандай карайсыз? Ал “аталык” милдетин толук аткара алдыбы?

– Бизде, мамлекеттик деңгээлде Конституциялык төңкөрүш болгон. Текебаевге Конституцияны алмаштыруу укугун эч ким берген эмес. Бийликтин жоктугунан пайдаланып, жалган атакка жамынган Текебаев, башка жалган атакка жамынгандардын атына жамынып алып, Конституцияны кескилеп салган.

Турат Акимов: Текебаевдин “акмакчылыгы” ашып кетти!

Ал, буга чейин мыйзам жазуу боюнча эч бир түшүнүгү жок диний кызматкерлерди чогултуп алып, Конституциялык кеңешме деген органды түзгөн. Ушуну менен бирге Конституциялык кеңешме деген – бул ишмердиги эч бир жерде көрсөтүлбөгөн орган болгон. Ошондуктан ал мыйзамсыз, укугу жок, жөн гана кеңешмелик орган болуп саналат. Ал эми өзү мамлекеттик органдарды алмаштырган укукка ээ болуп алган.

– Бул жасаган иши үчүн жооп бериши керек деп санайсызбы?

– Бизде мына ушундай жол менен Конституциялык түшүнүктү алмаштыруу жүргүзүлгөн. Бул баардык жалган атакты жамынгандар эртеби-кечпи мыйзам алдында жооп бериши керек. Азыр бийликте турган адамдар, ушул Конституциянын арты менен бийликке келишкен. Ошондуктан Текебаевди эч бир жоопко тартышпайт. Бирок мен Пашинянга, Зеленскийге же монголдордун жаңы президентине окшогон жаңы күчтөрдүн бийликке келерине ишенем. Мына ошондо бул банданын баары Конституциялык төңкөрүш жасагандыгы үчүн жооп беришет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *