Акматбек КЕЛДИБЕКОВ: Бирѳѳгѳ ор казсаң тайыз каз… Айрым саясатчылар бул сѳздү жадыбалдай жаттап жүрсүн

Мезгил

–Акматбек Келдибекович, парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Ирина Карамушкина баш прокурор Өткүрбек Жамшитовду саясый буюртмаларга күнөөлөп чыкты. Эл өкүлүнүн кебинде жүйөө барбы?

— И.Карамушкинанын парламентте баш прокурорго берген суроолорун жана ага карата айткан сөздөрүн уктум. Эгерде далил менен айта турган болсок, алыска барбай эле Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышын алып кѳрѳлүчү. Мына ошол мезгилде Атамбаевдин саясий заказынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарына кылмыш жаза кодексинин эң оор беренелери менен иш козголуп, парламенттин макулдугусуз эле камап келишкен.

Ал эми бүгүн Карамушкина өтө оор кылмышка шектүү экенине карабай парламентте сүйлөөгө, болгондо да баш прокурорго суроо бергенге мүмкүнчүлүгү болуп жатат. Салыштырып көрдүңөрбү? Ачык-айкындуулук, мыйзамдуулук болбосо Карамушкина бүгүн Жогорку Кеңештин трибунасында сүйлѳй алат беле?

Мурдагы бийликтин учурунда депутаттарды сессияга катыштырбай, сотко чейин эле камап коюшчу. Ал учурда бийликке каршы чыгып чындыкты айткан, эл колдогон саясатчыларды жалган жалаа менен эптеп эле темир торго киргизүү максат болгон. Ал эми И.Карамушкина жалпы парламент кабыл алган чечимди тебелеп-тепсеген прокурорго суроо бербей, аны коргоп турчу эмес беле? Бүгүн адилеттүүлүктүү эмес, мыйзамды тепсеп жаткандарды жан-алы кетип коргогонун унутуп калдыбы? Дал ошол убакта саясый заказдар байма-бай жүз берип, катар-катар депутат кесиптештерине негизгис жагдайда кылмыш иши козголуп турганда, калыс кебин айткандын ордуна “ушулар камалышы керек” деп кыйкырып, бийликти колдоп турбады беле? А бүгүн өз башына иш түшкөндө башкача сайрап жатат. Табаа эмес, тобоо! Бирок, бул эмне деген кош мүнөздүүлүк?

Атамбаевдин убагында адилетсиз жагдайда камалган депутаттардын боштондугун он миңдеген элдер талап кылып турганда, көпчүлүк калың элдин талабына Ирина Юрьевна каршы чыгып, энелер накыл кебин айтса, фашистке теңегенин бүгүн унутуп калдыбы? Ар нерсенин өз учуру болот. Кыргыздын “бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калба” деген жакшынакай кеби бар. Айрым кошоматчы саясатчылар ушул сѳздү жадыбалдай жаттап жүрсүн! Анткени, элибиздин дагы бир жакшы сөзү бар келме кезек деген…

Аның сыңарындай Атамбаевдин учурунда жасалган саясый буюртмалардын баарына болбосо да бирине, дал ушул Карамушкина “кой, токтоткула” деп адилеттүү кебин айтканга жарады беле? Бүгүн Карамушкинага “оор кылмышка шектүү” деп иш козголсо дагы камалбастан, ал парламентте отурат. Эми адилеттүүлүк, мыйзамдуулук барбы же жокбу, ѳзүңѳр салыштырып көргүлө.    

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *