Акматбек КЕЛДИБЕКОВ, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы: “Ажылык сапардагы коррупцияны тазалоодо Чубак ажынын салымы зор”

   Мезгил

–Акмат мырза, ажылыкты уюштуруу иштерин муфтиятка өткөрүп, алардын бул жааттагы функционалдык милдеттери күчөтүлүшүнө Жогорку Кеңешти жетектеп турганыңызда сиздин салымыңыз зор болгону сөз болуп жүрөт. Маселенин күңгөй-тескейин кененирек түшүндүрүп бербейсизби?

–Чубак ажы Жалилов муфтияты жетектеп турган маалда мен Жогорку Кеңештин тѳрагасы элем. Ажыга баруу буга чейин президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы аркылуу жүргүзүлчү. Ажылыктан түшкѳн акча каражаты да ушул мекемеге түшчү. Анан бир күнү Чубак ажы аалымыбыз менен сүйлѳшүп отуруп “Баш мыйзамда Кыргызстан дин иштерине кийлигишпеген мамлекет. Ошол себептүү ажылык зыяратын уюштурууну муфтиятка ѳткѳрүп беребиз. Кыргызстан светтик ѳлкѳ болгондон кийин ажылык сапарды президенттин алдындагы мамлекеттик дин комиссиясы жетектеп жатканы мыйзамга туура келбейт. Дин менен мамлекеттин саясаты эки бѳлѳк маселе. Бул Ажылык сапарды муфтият ѳзү уюштурса, ѳзү жоопкерчилигин алса, балким коррупцияга жол берилбейт” деген бир пикирге келип, ажылык сапарды уюштуруунун жоопкерчилигин муфтиятга ѳткѳрүп берүүгѳ аракет кыла баштадык.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга Турсунбай Бакир уулу баштаган бир топ депутаттарыбыз ѳзгѳртүүлѳрдү киргизишип, бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгып кѳпчүлүк депутаттардын колдоосу менен чечим кабыл алдык. Бирок, ошол мезгилдеги ѳкмѳт башчы Алмаз Атамбаев эле. Президент Роза Отунбаева экөө тең карама-каршы чыгып туруп алды. Отунбаева Ажылыкты уюштуруу иштерин муфтиятка ѳткѳрүү боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга вето коюп артка кайтарып жиберди.

Биз көшөрүп, кайра кайталап, парламенттин колдоосу менен мыйзамды кабыл алдык. Ошого карабай Отунбаева анда да кол койбой 15 күндѳн кийин Жогорку Кеңештин тѳрагасы катары жоопкерчиликти моюнума алып мен кол койгом. Бул биз үчүн абдан маанилүү маселе эле. Анткени, ага чейин 2010-жылы ачкөз чиновниктердин айынан ошол ажылыкты уюштурууда Кыргызстан бүткүл дүйнөгө шерменде болгон. Алардын айынан ажылыкка барчу мусулмандар гана эмес, жалпы мамлекетибиздин беделине доо кеткен.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *