“Акнет” ишканасынын президенти эки айга камалды

   Мезгил

“Акнет” ишканасынын президенти Кубан Ажимудинов эки айга камалды.

  Тиешелүү чечимди 30-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, алар эки айга тергөө абагында болот.

Ажимудинов менен кошо кармалгандар «Строй Сеть» компаниясынын директору жана башкы эсепчиси. Тергөө «Строй Сетти» ири суммадагы каражаттарды чыгарып кетиш үчүн түзүлгөн «Акнетке» байланыштуу компания деп эсептейт.

“Акнетке” карата социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Компания президенти жана аны менен чогуу айыпталган эки киши апта башында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынган.

 «Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Абдумажитов менен президент Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик бар экени ачыкка чыккан.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *