Аксыда кыздардын мушташынан улам, райондук билим берүүнүн жетекчиси иштен алынды

   Мезгил

Аксыда кыздардын массалык мушташы үчүн райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуучу кыздардын мушташынан улам Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова иштен алынды.

Буга окуучулардын массалык мушташына жол берген билим берүү бөлүмүнүн ишиндеги кемчиликтер себеп болду. Анын үстүнө жетекчиге буга чейин дагы тартип маселелери боюнча эскертүү берилген.

Эске салсак, 18-ноябрда Жаңы-Жол айылынын №13 мектебинин 10-класстары менен 11-класстарынын кыздары ортосунда массалык мушташ чыкты. Видео интернетке тарап кеткен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *