Активисттер УКМКнын жетекчилиги отставкага кетирүүсүн талап кылат

Мезгил

Активисттер УКМКнын жетекчилиги отставкага кетирүүсүн талап кылат. Мындай маанидеги кайрылууну  Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Бурул Макенбаева, Гүлнара Журабаева ѳңдүү жарандык активисттер социалдык түйүндѳрдѳ таркатышууда.

Кайрылууда пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинде далил зат катары УКМКнын сейфинде алынган 200 миң доллардын жоголушу жана бул акча каражаттын  ММКда берилген жаңылыктар боюнча, тергөөчү алып, казинодо уттуруп койгону тууралуу айтылат.

-Жоголгон долларлар пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинде далил зат катары алынган. Параны Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо Башкармалыгынын башчысы алган. Кылмыш иши сотко өткөндөн кийин далилдүү заттар да сотко өтүшү керек эле, бирок, табышмактуу жайда сотко өтпөй калган.

Бул коомчулукка белгилүү болгон окуянын бирөөсү гана. Ушуну менен бирге УКМКнын бюджети Жогорку Кеңеш үчүн да жабык бойдон калууда -деп айтылат кайрылууда.

Бул иш боюнча Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаев иш бөлмөсүндө 200 миң доллар пара алган деп шек саналып, ал эми экс-депутат Карганбек Самаков жана анын эки уулу пара берүүгө байланыштуу жоопко тартылууда.

Буга чейин Карганбек Самаковдун кылмыш ишин кыскартуу үчүн Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев  алгач узак мөөнөткө соттолгон. Бирок кийин анын жаза мөөнөтү кыскарып, эркиндикке чыккан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *