Акыйкатчы Атамбаевден кабар алды. Ал эмне деди?

  Мезгил

Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абагына киргизилген экс- президент Алмазбек Атамбаевден кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушуу маалында Атамбаев кармалган шартына дооматы жок экенин айткан.

“Ден соолугу боюнча айта турган болсом, кан басымында гана бир аз маселе жаралып жатыптыр. Бирок медицина кызматкерлери күнүнө эки жолу аны өлчөп, саламаттыгына көзөмөл жүргүзүп турушат. Андагы шарт боюнча нааразычылыгы жок” деди Мамытов.

Эске салсак, 7-8- августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болгон. Анын жүрүшүндө УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.
 Алмазбек Атамбаев 8-августта УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *