Акылбек Жапаров: Ак үйдү барып көрүшкө жүрөгүм ооруп жатат

 Мезгил

Депутат Акылбек Жапаров 5-октябрдагы митингде талкаланган Ак үйгө келтирилген чыгымдар 2010-жылдагы революциядагыдан  да көп  зыян келтирилген деген  оюн билдирди.

-Тажрыйбадан алсак, 2010-жылдагы революцияда кеткен чыгымдын көлөмү баш аягын санап бүткөндө 380 млн сомго чейин барган. Азыр деле андан кем эмес талколоолор болгон экен. Канча чыгым кеткенин эсептеп көрүшөт да,  баарынын баасы бар, аларды эсептеп чыгыш керек. 2010-жылдагыдай чыгым келдиби же андандан көпбү дегендей,  мен Ак үйдү барып көрүшкө жүрөгүм ооруп жатат, баргың да келбейт экен. Төрага кечээ  барып келдик деп жатышат. Эми баасын көрөбүзгө, бул жаман болду экинчи кайталанбасын. Ак үйдүн тосмосун алып салуу сунушун колдойм. Тосмону алып, эшиктин баарын айнек кылып 6 млн кыргыз эли  кирем десе дагы  баткыдай кылыш керек-дейт депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн сом  сарпталаары айтылган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *