Акылбек Жапаров: Акыл-эси ордунда болгондор шайлоого келбей жатышат

Мезгил

Депутат Акылбек Жапаров  интелегенттер, акыл эси ордунда болгондор, жаштар шайлоого келбей калды дейт. Депутат муну менен катар эле мурда элдин 50 пайызы шайлоого келбей койсо анда шайлоо болбой калчу. Азыр бул норманы биз жокко чыгарып салдык деди.

“Элде айып жок. Эл тажаганынан шайлоого  элүү  пайызга чейин  келбей жатат. Илгери элүү пайызы шайлоого келбей калса, шайлоо такыр болбой калчу. Ошо норманы биз жокко чыгарып койдук. Ошону менен  элүү пайыз элдер шайлоого  келди деп мактанганыбыз менен өзүбүздү өзүбүз сооротуп жатабыз.   Акыл-эси ордунда болгондор,  жаштар,  интелегенттер, 1000 сомго сатылбагандар, 100 грамм арак ичпей койгондор ушулардын баары келбей коюп жатат да. Анан баягы ага тууганын өзүнүкүн өзүбүздун айылдан болсун деп эле акылына, билимине карабай эле акчага сатылгандар өзүнө окшош парламентти шайлап жатышпайбы. Парламент болсо өзүнүн деңгээлине жараша бөлөк жактагы мыйзамдардын баарын жазып, мыйзам жазып койсо эле баары оңолот экен деп 200гө жакын мыйзамды бир отурумда кабыл алып коюп жатабыз.  Бул туура эмес көрсөткүч. Ошол эле Англиянын парламенти жылына 3 же 5 мыйзам алса, бул өтө опурталдуу деп эсептелинет. Мыйзамдын иштешин камсыз кылышыбыз керек” -деди депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *